ЭЛСОМ ЭЛЕКТРОНДУК КАПЧЫГЫНЫН КЫЗМАТТАРЫН ТАРТУУЛОО ҮЧҮН ТҮЗҮЛГӨН КЕЛИШИМДИН КООМДУК ОФЕРТАСЫ
Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 398 беренесинин 2 пунктуна ылайык бул Коомдук Оферта “Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы” Жабык Акционердик Коомдун (мындан ары Банк-Эмитент) электрондук акча акча каражаттарды, банктык карталарды жана/же банктык эсептерди кирүү жабдыктары аркылуу, ушул Офертада берилген тартипте жана шарттарга ылайык колдонуп, ЭЛСОМ электрондук капчыгынын кызматтарын тартуулоо тууралуу Келишимди (мындан ары “Келишим”, Келишимдин шарттары ушул Офертада берилген) түзүү жөнүндө расмий коомдук сунушу болуп саналат.
Бул коомдук оферта жеке жактарга арналган жана ушул Келишимде каралган иш-чаралар аткарылган учурдан тартып күчүнө кирет жана Келишимдин бардык шарттарын сөзсүз, эч кандай бошотуулар жана чектөөлөрсүз кабыл алынган деп эсептелинет жана төмөнкү учурларда эки тараптуу жазуу жүзүндө келишимди түзүүгө барабар болот:
· Каттоо формаларын мобилдик тиркеме, веб-сайт, USSD каналы же башка системалар (Банк-Эмитент атынан кызмат көрсөтүүгө мыйзамдуу түрдө ыйгарым укуктуу системалар) аркылуу толтуруу, Келишимдин шарттары менен таанышуу, каттоо формасынын тиешелүү талаасында шарттарга макулдугуңузду берүү жөнүндө белги койгондо;
· Мобилдик тиркеме, веб-сайт, USSD каналы жана башка кирүү каналдары, түзмөктөрү/ аппараттык камсыздоо аркылуу төлөм интерфейсиндеги же башка бир барактын интерфейсиндеги финансылык же финансылык эмес операцияларды жасоодон мурун, “Ырастоо” баскычын (же белгилүү бир операцияны иш жүзүнө ашырууну көздөгөн башка баскычты) баскан учурдан баштап;
· Банк-Эмитенттин бөлүмдөрүндө кардар тарабынан каттоо процедурасын өткөндө.
Бул коомдук Офертада берилген шарттарга ылайык Келишим түзүү аркылуу Кардар төмөнкүлөрдү тастыктайт:
· Келишимдин шарттары менен таанышкандыгын, алар менен толук макулдугун жана аткарууга милдеттенме алганын.
· Аракетке жөндөмдүүлүгүндө чектелбегендигин, камкорчулук, көзөмөл, кепилчилик берүүчүлүк, ошондой эле патронаж астында турбагандыгын, ден соолугунун абалы боюнча укуктарын өз алдынча коргой жана милдеттерин аткара ала тургандыгын, түзүлгөн Келишимдин шарттарын жана аны түзүүнүн кырдаалдарын аңдап билүүгө тоскоол болуучу оорулар менен жабыркабагандыгын;
· ЭЛСОМ электрондук капчыкты колдонуу ишкердик / коммерциялык ишти иш жүзүнө ашырууга байланыштуу эместигин.
Коомдук Офертанын шарттары Интернет тармагындагы Банк – Эмитенттин расмий сайтында: https://www.elsom.kg (мындан ары – “веб сайт”) жана ЭЛСОМ мобилдик приложениесинде жеткиликтүү болот.
I. Терминдер жана аныктамалар.
1.1. Авторизация – электрондук Капчыктын ээсине электрондук капчыгына жана электрондук капчык аркылуу транзакцияларды өткөрүү мүмкүндүк алуу укугун берүү процесси;
1.2. Электрондук акча акаражаттарын агенти (дистрибьютору) – электрондук акча каражаттарды нак акчалай же нак акчалайсыз акча каражаттарга төлөгөн (алмаштырган), Банк-Эмитент менен түзүлгөн Агенттик келишимдин шарттарын негизинде электрондук акча каражаттарды жайылткан юридикалык жак же жеке ишкер, резидент болуп саналат;
1.3. Агенттик тармак –Банк-Эмитенттин Агенттеринин жыйындысы;
1.4. Электрондук акча акцептанты (ССИ)-Агент же электрондук акча чыгарган эмитент-коммерциялык банк менен түзүлгөн келишимге ылайык, электрондук акча менен операциялар ишке ашырылгандыгын тастыктаган документтерди тариздөө менен товарлар же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акчаны кабыл алган юридикалык жак же жеке ишкер.
1.5. Банк-Эмитент –“Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы” ЖАК электрондук акча каражаттарды чыгарганга Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон, элекрондук акча каражаттарды чыгарган, ошондой эле КРУБ лицензиясын негизинде капчык ээси тарабынан нак акчалай алуу үчүн тартуулаган электрондук акча каражаттарды төлөп берүүгө шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенме алган коммерциялк банк болуп санлат;
1.6. Электрондук капчыкты блокировкалоо – электрондук капчык боюнча кандайдыр бир операцияларды аткарууга туруктуу же убактылуу тыюу салуу;
1.7. Электрондук Капчыктын ээси (мындан ары-Капчык ээси) –электрондук акча каражаттарды колдонуп, ЭЛСОМ системасында операцияларды өткөрүү укугуна ээ болгон, Кыргыз Республикасынын резиденти болгон же резиденти болбогон жеке жак;
1.8. Идентификацияланган электрондук капчык–Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, капчык ээси идентификация жана верификация процессинен өткөн электрондук капчык болуп саналат;
1.9. Мүмкүндүк алуу каналы-Капчык ээси түзмө түз тейленген мобильдик приложение, жеке кабинет, USSD канал жана башкалар.
1.10. ЭЛСОМ жеке кабинети –интернет байланыш болгон учурда интернет браузер аркылуу электрондук капчык менен иштөөгө капчык ээсине керектүү болгон бардык негизги аспаптарды камтыган, капчык ээлери үчүн мүмкүндүк алуу каналы болуп саналат;
1.11. ЭЛСОМ мобилдик приложениеси –мобилдик түзмөктөгү интернет байланыш аркылуу Электрондук капчыкты башкарууга мүмкүндүк берген, Android OS жана iOS базасынын негизинде түзүлгөн мобилдик приложение болуп саналат;
1.12. Мобилдик номер (абоненттик номер, мобилдик телефондун номери) – юлдук байланыш кызматтарын тартуулоо тууралуу келишимди түзүү учурунда, уюлдук байланыш оператору тарабынын абонентке берилген номер болуп саналат;
1.13. Электрондук капчыктын номери – Капчык ээси тарабынан электрондук капчыкты каттоо учурунда берилген же Капчык ээсинин демилгеси менен өзгөртүлгөн, мобилдик телефон номерине теңделген Системадагы уникалдуу идентификатору болуп саналат;
1.14. ЭЛСОМ системасынын оператору (Оператор)– Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык электрондук акча каражаттар менен операцияларды өткөрүү үчүн аракеттенген, Элсом системасын эксплуатациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзгөн, анын ичинде атайын программалык камсыздоонун, апараттык жана тармактык жабдуулардын техникалык колдоосун орноткон, электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү үчүн анын маалымат базаларында камтылган маалыматтарды иштеп чыккан юридикалык жак болуп саналат;
1.15. Банк-Эмитенттин бөлүмдөрү – Капчык ээси тейленген Банк-Эмитенттин тейлөө пункттары, кошумча кеңселери, филиалдары жана сактык кассалары.
1.16. Пароль – системага (жеке кабинетке, мобилдик приложениеге ж.б.) кирүүдө өздүгүн жана/же капчыгын ээсинин ыйгарым укугун тастыктаганга багытталган символдордун жана белгилердин жашыруун топтому. Пароль Капчык ээсинин элетрондук капчыгын санкцияланбаган кирүү мүмкүндүгүнөн коргоо үчүн колдонулат;
1.17. Өнөктөш – электрондук капчыкты колдонуу аркылуу кызматтарды көрсөтүүгө Банк-Эмитент менен келишим түзгөн коммерциялык уюм;
1.18. Которуу (Операция, Төлөм же Транзакция) – Банк–Эмитент тарабынан Алуучунун дарегине банктык картадан/эсептен, электрондук капчыктан же банктык эсепти ачпастан Төлөөчүнүн буйруусунун негизинде каражаттарды нак акчалайсыз чегерүү;
1.19. ПИН – мобилдик телефон, компьютер жана ЭЛСОМ электрондук капчыгына кирүү мүмкүндүгүн камсыз кылган түзмөктөр аркылуу ЭЛСОМ системасына кирүү үчүн уникалдуу төрт сандуу коду болуп саналат;
1.20. Төлөөчү – Алуучунун пайдасына Которууну аткарган юридикалык жак, жеке жак, ошондой эле жеке ишкер (Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аныкталган резиденттер жана резидент эместер);
1.21. ЭЛСОМ элеткрондук акча каражаттарын төлөп берүү-капчык Ээси тарабынан Банк-Эмитентке, Агентке, капчыкта сакталган электрондук акча каражаттардын калдыгынын суммасынан жогору болбогон, элетрондук акча каражаттарын нак акчалай жана нак акчалайсыз акча каражаттарга алмаштыруу операциясы;
1.22. Шектүү операция (бүтүм) –Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча шектүү белгилерине түшкөн капчык ээси тарабынан аткарылган операциялар, анын ичинде экономикалык жана анык мыйзамдуу максаты болбогон операциялар болуп саналат;
1.23. Алуучу – которуу багытталган юридикалык жак, жеке жак, ошондой эле жеке ишкер (Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аныкталган резиденттер жана резидент эместер);
1.24. Кызмат көрсөтүүчү –Кыргыз Респубикасынын мыйзамы тарабынан каралган, айрым банк операцияларын (төлөм кызматтарын) жүзөгө ашыруу укугуна Улуттук банктан лицензиясы бар банктар, төлөм тутумунун операторлору жана төлөм уюмдары;
1.25. Операцияга буйруу- Банк-Эмитентке Системага кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган тийиштүү мүмкүндүк алуу түзмөктө же кагаз түрүндө түзүлгөн, бардык маалыматтарды камтыган, операцияны өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген операцияны аткаруу үчүн Капчык ээсинин иш аракети болуп саналат;
1.26. ЭЛСОМ Системасында каттоо –Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Банк-Эмитенттин талаптарына ылайык, милдеттүү түрдө документтердин топтомун берүү менен жеке жак тарабынан электрондук капчыкты алыстан же келгенде каттоо процедурасын өтүү болуп саналат;
1.27. Бүтүм – юридикалык жактардын жана жеке адамдардын, ошондой эле жеке ишкерлердин укуктук мамилелерин белгилөөгө, өзгөртүүгө же токтотууга багытталган иш-аракет; Каржылык инструменттин (акча каражаттарынын, банктык документтердин, баалуу кагаздардын) же ага карата менчик укугунун бир жактан башка жакка өтүшү;
1.28. ЭЛСОМ электрондук акча каражаттарды колдонуу менен Эсептешүүлөр системасы (Элетрондук акча каражат системасы, Система) – Банк-Эмитент тарабынан чыгарылган электрондук акча каражаттардын айланышын камсыздаган аппараттык-техникалык каражаттардын, нормативдүү-укуктук акттардын, эрежелердин жана процедуралардын жыйындысы.
1.29. Акча каражат которуулардын системасы– Төлөм системанын катышуучусу тарабынан акча каражаттарды калктан адресатка (Алуучуга) төлөп берүү шарты менен кабыл алуу боюнча төлөм системанын түрү. Бул учурда акча каражаттарды жөнөтүү/төлөп берүү Алуучунун электрондук капчыгына аткарылат;
1.30. Кирүү мүмкүндүгүн камсыз кылган түзмөк – Капчык ээсине өзүнүн электрондук капчыгына мүмкүндүк каналы аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү үчүн кирүү мүмкүндүгүн камсыздаган инструмент (персоналдык компьютер, планшеттик компьютер, мобилдик телефон же башка түзмөк) болуп саналат;
1.31. Алыстан-идентификацияланган электрондук капчык-капчыктын ээси тарабынан идентификациялоо процедурасынан алыстан өткөн электрондук капчык болуп саналат.
1.32. Электрондук кол тамга (ЭКТ) –башка маалыматтарга электрондук формада тиркелүүчү жана (же) алар менен логикалык жактан байланышкан жана анын атынан маалыматка кол коюлган адамды аныктоо үчүн колдонулган электрондук түрдөгү маалыматтар (коддор, паролдор жана башка идентификаторлор);
1.33. ЭЛСОМ электрондук акча каражаттары – программалык-техникалык түзүлүштө электрондук түрдө сакталган жана электрондук акча каражатардын уюм-эмитенттин жана акцепторлордун уюмдарынын товарлар / кызматтар үчүн төлөө каражаты катары кабыл алынган накталай акча наркы.
1.34. Электрондук капчык- программалык камсыздоо катары саналган электрондук акча каражаттарды сактоо жайы же Капчык ээсине таандык болгондугу жана электрондук акча каражаттардын суммасы тууралуу жазуулары болгон башка программалык-техникалык түзмөк.
1.35. QR-код – төлөм ,берилмелерин (маалыматтарын) өткөрүү үчүн эки өлчөмдүү штрих-код белгиси;
Ушул Келишимдин текстинде башкача каралбаса, бул бөлүмдө берилбеген түшүнүктөр жана терминдер, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык колдонулат.
II. Келишимдин Предмети
2.1. Ушул Келишим капчык ээлерине аларды каттоо тартибине жараша кызматтарды тартуулоо шарттарын жана тартиптерин аныктайт:
2.2. Банк-Эмитент кардарга Электрондук капчыкты ачат, электрондук акча-каражаттардын эмиссиясын ишке ашырат, алардын Системада колдонуушун ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган шарттарда жана тартипте ишке ашырууну камсыздайт.
2.3. Капчык ээси ЭЛСОМ сайтында жайгашкан «ЭЛСОМ Копилка» Лоялдуулук программасынын шарттарына жана эрежелерине, макулдулугун берет.
2.4. ЭЛСОМ Системасындагы бардык операциялар улуттук валютада-кыргыз сом валютасында ишке ашырылат. Ушуну менен бирге, башка валютада көрсөтүлө турган кызматтардын тартиби жана шарттары ушул Келишимдин 3.3.3 п. жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ылайык ишке ашырылат;
2.5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо жана ушул Келишим боюнча кызматтарды көрсөтүү максатында капчык ээси Банк-Эмитентке, анын өнөктөштөрүнө жана үчүнчү жактарга ар кандай маалыматтарды, анын ичинде конфиденциалдуу жана жеке маалыматтарды чогултууга, иштетүүгө, сактоого жана берүүгө макулдук берет.;
2.6. Капчык ээси тарабынан тартууланган конфиденциалдуу маалыматтын, анын ичинде Капчык ээсинин жекелештирилген берилмелерге байланыштуу ар кандай маалыматтар кирет, операцияларды өткөрүү тууралуу берилмелер жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамыны тарабынан конфиденциалдуу (купуя) маалыматтардын катарына кирген маалыматтардын сакталышын Банк-Эмитент камсыз кылат.
III. ЭЛСОМ Кызматтарын тартуулоо тартиби
3.1. Каттоо. Каттоо тартибине жараша, Банк-Эмитент электрондук Капчыктардын ээлерин төмөнкүлөргө бөлөт: Алыстан идентификацияланган жана идентификацияланган.
3.1.1. Каттоо процедурасын өтүү учурунда (келген же алыскы) кардар өзү берген бардык маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө, тактыгына кепилдик берет, ошондой эле ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда өзү берген маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу, өткөрүп берүү, алуу укугун Банкка – Эмитентке тартуулайт;
3.1.2. Банк-Эмитент өз алдынча же үчүнчү жактар аркылуу (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Каржылык Чалгындоо Органы, “Мамлекеттик Каттоо Кызматы”, “Инфоком” МИ, “Кредиттик-маалыматтык бюросу” ж.б.), ыңгайлуу болгон мыйзамдуу ыкма аркылуу, Капчык ээси тартуулаган берилмелерди мезгил мезгили менен текшерүүгө/верификациялоого укуктуу, буга байланыштуу Капчык ээси тууралуу маалыматты чогултуу жана карап чыгууну ишке ашыра алат;
3.1.3. Электрондук капчыкты алыстан каттоо үчүн, кардар анкетаны толтуруш керек жана мобилдик приложениеде же Элсом жеке кабинетинде төмөнкү берилмелерди көрсөтүүсү зарыл:
· Фамилиясы,
· Аты,
· Жыныс,
· Туулган күнү,
· ИНН (паспорттогу 14 сан),
· Паспорттук берилмелер жана паспорттун эки тарабынан сүрөтү,
· Кардардын паспорт менен сүрөтү,
· Жашаган жеринин анык дареги
· Катто боюнча дареги,
· Иштөө жери жана кызмат орду,
· Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын системасында текшерүүгө макулдугу.
Талап кылынган маалыматтардын тизмеси толук болуп саналбайт жана Банк-Эмитент тарабынан бир тараптуу түрдө толукталышы жана/же өзгөрүлүшү мүмкүн.
Электрондук капчыкты алыстан каттоого өтүнмөлөрү, Банк иштебеген күндөрдөн, дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана шарттарда кардардан маалымат алган учурдан тартып 5 иш күндүн ичинде Банк – Эмитент тарабынан каралат;
3.1.4. Электрондук капчыкты келген тартипте каттоодон өткөрүү үчүн, кардар ЭЛСОМ электрондук капчыгын каттоо үчүн Банктын же Агенттердин (идентификациялоону жүргүзүүгө укугуна ээ болгон) бөлүмдөрүндө арыз толтурушу керек, кардардын инсандыгын урастоочу документи жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралган тартипте жана шарттарда, Банк – Эмитент / Агент тарабынан талап кылына турган башка документтер берилиши керек;;
3.1.5. Капчык ээси Электрондук капчыктын системасына тартуулаган берилмелерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу жана тартуулаган берилмелердин кандайдыр бир өзгөрүүлөрү тууралуу Банк-Эмитентке кабарлоого милдеттүү;
3.1.6. Банк – Эмитент Электрондук капчыкты каттоо учурунда жашы жетпеген, 14 жаштан баштап 18 жашка чейинки, кардарлардын мыйзамдуу өкүлүнүн тарабынан ЭЛСОМ электрондук капчыкты колдонуу тууралуу макулдугун берген каттын жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн талап кылат. Ушул жазуу жүзүндөгү макулдук Капчык ээсинин мыйзамдуу өкүлү тарабынан Банк-Эмитенттин (Банк-Эмитенттин идентификациялоону жүргүзүүгө укугуна ээ болгон Агентеринин) бөлүмдөрүнүн бирине жарандыгын тастыктаган документтин жана ушул Капчык ээсине карата мыйзамдуу өкүл статусун тастыктаган документтин түп нускасын тартуулоого зарыл;
3.1.7. Банк – Эмитент төмөнкү учурларда кардарга электрондук капчыкты каттоодон баш тартууга укуктуу:
· Эгерде капчык ээси кардарды идентификациялоо жана текшерүү процедурасынан өтүү үчүн талап кылынган документтердин толук топтомун тартуулабаса;
· Эгер кардардын террористтик/экстремисттик ишмердүүлүккө жана массалык кыргын салуучу куралды жайылтууга, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышуусу тууралуу маалыматтар бар болсо;
3.2. Кызматтарды тартуулоо. Операциялар боюнча Буйруунун негизинде Электрондук капчык боюнча операциялар аткрылат.
3.2.1. Мындан тышкары , төмөнкү учурларда Банк-Эмитент качыктын ээсинин буйруусун албастан акцептсиз түрдө Электондук капчык боюнча операцияларды аткарат:
· Капчык ээси тарабынан Тарифтерге ылайык төлөнө турган комиссиянын суммасын кармоо;
· Тиешелүү мамлекеттик органдардын чечимдерин аткаруу максатында, мыйзамда жана ушул Келишимде белгиленген учурларда жана тартипте Электрондук акчанын калдыгын (анын бир бөлүгүнүн) өндүрүп алуу;
· Төмөнкү кырдаалдардан улам (анын ичинде, бирок чектелбестен) Капчык ээсинин карызынын/операциясынын суммасын кармоо:
(1) Капчык ээсинин Электрондук капчыгы боюнча аткарылган тигил же бул операция Төлөөчү/үчүнчү жак тарабынан талашуу;
(2) Насыя боюнча суммалар, насыяларды жана насыяга байланыштуу башка суммаларды (карыздарды чогултууга кеткен чыгымдар, айып төлөм (айып пул, туум), чыгымдар) колдонуу үчүн пайыздар;
(3) техникалык бузулуулардан улам келип чыккан карыздын суммасы;
(4) Техникалык ашыкча чыгым;
(5) Банк-Эмитенттин кызмат көрсөтүү процессинде пайда болгон туумдары, айыптары же башка чыгымдары.
· Мыйзамда, ошондой эле ушул Келишимде каралган башка учурларда.
3.2.2. Электрондук капчык боюнча операциялары төмөнкү учурларда жүргүзүлбөйт (анын ичинде, бирок чектелбестен):
· Эгер Электрондук капчыктагы калдык операцияны өткөрүү, Тарифтер боюнча каралган Банк-Эмитенттин, Агенттин комиссиясын төлөө үчүн жетишсиз болсо;
· Капчык ээсинин электрондук капчыгынын каттоо тартиби, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган чектөөлөргө байланыштуу, тигил же бул операцияны жүргүзүүгө жол бербейт;
· Ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган операциялар боюнча лимиттен ашуу;
· Эгер төлөм жана/же башка реквизиттерди белгилөөдө ката кетирилсе;
· Эгер электрондук капчыктын ээси тарабабынан транзакциялар боюнча маалыматтарды жазуу жана тастыктоо үчүн, мыйзамда каралган, керектүү документтердин (реквизиттердин) толук топтому тартууланбаса;
· Эгер тигил же бул себептерден улам электрондук капчык блокировкаланган болсо;
· Эгер операциялар Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана/же Ушул Келишимдин шарттарына карама-каршы болсо;
3.2.3. Капчык ээси тарабынан ПИН жана/же ЭКТ киргизүү аркылуу түзүлгөн операция боюнча Буйруу, Тараптар тарабынан Капчык ээсинин операцияны аткаруу ниеттин ырастаган жана операция боюнча Буйруунун аныктыгын тастыктаган тийиштүү жана жетиштүү ыкма болуп саналат;
3.2.4. Тараптар тарабынан ПИН өз алдынча жана/ же ЭКТ менен айкалышта Капчык ээсинин өз колу менен коюлган колтамгасы катары эсептелинет. Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык Капчык ээси тарабынан ПИН жана/же ЭКТ колдонуу өз колу менен коюлган кол тамгасынын колдонуусунан келип чыкан юридикалык кесепеттерине окшош кесепеттерди алып келет;
3.3. Жеткиликтүү кызматтар. ЭЛСОМ электрондук капчыгы электрондук акча аркылуу төлөмдөрдү кабыл алган өнөктөштөрдүн товарлары жана кызматтары үчүн акы төлөөгө мүмкүнчүлүк берет. Төлөм мүмкүндүк алуу түзмөгү аркылуу жүргүзүлөт, анын ичинде контактсыз төлөм, колдонмодогу сатып алуулар жана веб-сайттардан сатып алуулар аркылуу жүргүзүлөт. Тартууланган кызматтар:
3.3.1. Электрондук капчыктын каттоосун алыстан өткөн капчык ээлери үчүн кызматтар:
· Электрондук капчыкты каттоо;
· Электрондук капчыкты толуктоо;
· Башка ЭЛСОМ электрондук капчыгына электрондук акча-каржаттарды которуу;
· Товарларды жана кызматтарды сатып алуу;
· Байланган эсепке/картага которуу;
· Бюджеттик мекемелердин пайдасына төлөмдөр;
· Элсом мобилдик приложениесинде жана жеке кабинетте картаны байлоо;
· Электрондук акча каражаттарды төлөө (нак акчалай алуу);
· Байланган карта/эсеп аркылуу кызматтар үчүн төлөө.
3.3.2. Электрондук капчыктын каттоосун келген тартипте өткөн капчык ээлери үчүн кызматтар. Электрондук капчыктын каттоосун келген тартипте өткөн капчык ээси үчүн ЭЛСОМ кызматтардын толук тизмеси тартууланат;
3.3.3. Акча-каражат которуулар. ЭЛСОМ электрондук капчык акча-каражат которууларды, ушул Келишимде аныкталган каналдар аркылуу, капчыктан капчыкка, картага, банктык эсепке которууга мүмкүнчүлүк берет. Акча каражат которуулар улуттук валютада жана башка валютада да, башка тейлөө кызматтын түрүнө жараша Кызмат көрсөтүүчү / Банк – Эмитенттин курсу боюнча конвертациялоо менен жүргүзүлөт.
· Банк кассалары, Интернет / мобилдик банкинг, акча которуу тутумдары же башка электрондук капчыктар аркылуу башка валютада келип түшкөн акча которуулары үчүн Банк – Эмитент Операцияга буйруу алган учурда Банк – Эмитенттин же Кызмат көрсөтүүчү компаниянын коммерциялык курсу боюнча акча каражаттарын автоматтык түрдө кыргыз сомуна которот жана ЭЛСОМ электрондук капчыгына которуунун суммасын чегерет.
· Кыргыз сомунан башка валютага которуу менен, жөнөтүлгөн акча которуулары үчүн алмашуу курсу Банктын – Эмитенттин же Кызмат көрсөтүүчүнүн Операцияны аткаруу учурундагы коммерциялык курсуна ылайык колдонулат. Ошол эле учурда, Банк – Эмитент, Төлөөчүдөн Операцияга буйруу түшкөн учурдан тартып, акча каражаттары Алуучунун жеке эсебине түшкөн учурга чейин келип чыккан курстук айырма үчүн жооптуу болбойт.
3.3.4. Финансылык эмес операциялар. ЭЛСОМ системасы электрондук капчык кызматын пайдалануунун коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылган стандарттуу финансылык эмес кызматтарды көрсөтөт. Капчык ээлери үчүн жеткиликтүү кызматтардын тизмеси:
· Электрондук капчыктын балансын сурап билүү;
· Байланган эсептин/картанын балансын сурап билүү;
· Транзакциялар боюнча көчүрмө;
· ПИНди/ Паролду алмаштыруу;
· Жашыруун суроону алмаштыруу;
· Транзакциялык лимитти кошуу жана өзгөртүү;
· Электрондук почтаны кошуу жана өзгөртүү;
· Тилди алмаштыруу;
· СМС, Push, электрондук почта билдирүүлөрүн жөнөтүү;
· Жеке маалыматтарды өзгөртүү ж.б.
3.3.5. Банктык карталар жана эсептер. Электрондук капчык аркылуу тартууланган, банктык карталар жана эсептер менен байланыштуу бардык операциялар кызмат көрсөтүүчүлөр-үчүнчү жактар аркылуу тартууланат, алардын өз ара мамилелери Кызмат Көрсөтүүчү менен Банк-Эмитенттин ортосундагы Келишимдин негизинде жөнгө салынат. Банк-Эмитент, Элсом кызматтарына тиешелүү болбогон, үчүнчү жак тарабынан аткарылган кандайдыр бир операциялар жана алынган комиссиялар үчүн жоопкерчиликтүү болбойт.
3.3.6. Берилген кызматтар тизмеси толук тизме болуп эсептелбейт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына, ошондой эле Банк-Эмтенттин чектөөлөрүнө жараша өзгөрүүлүшү жана/же толукталышы мүмкүн;
3.4. Тарифтер жана Лимиттер. Банк – Эмитент байлоо кызматтары үчүн же банктык эсеп/карта аркылуу төлөө үчүн кошумча комиссияларды албайт. Электрондук капчык, банктык эсептер/карталар боюнча Тарифтер жана Лимиттер Банк-Эмитент тарабынан Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык орнотулат.
3.4.1. Комиссия Операциянын суммасына карата кошумча комиссия алынышы мүмкүн (Операциянын суммасына кошулбайт жана Операциянын суммасын азайтпайт) же Операциянын суммасынан алынышы мүмкүн. Комиссияны колдонуу ыкмасы кызматтын түрүнө жараша болот;
3.4.2. Агенттик тармагынын кызматтарын колдонуу учурунда Капчык ээсинен, Агент тарабынан орнотулган, Тарифтерине ылайык Агенттин комиссия алынат. Капчык ээси Агенттик тармактын кызматтарын колдонуудан мурун ушул Агенттин комиссиясынын суммасы тууралуу маалыматты өз алдынча тактоого же берүүнү талап кылууга милдеттүү;
3.4.3. Капчык ээси тарабынан эмес Операция аткарылса, кызмат көрсөтүлгөн деп саналат жана комиссиянын суммасы кайтарылбайт;
3.4.4. Банк-Эмитент электрондук капчыкты колдонууга байланыштуу кызматтарга Тарифтерди жана Лимиттерди бир тараптуу түрдө орнотуу жана өзгөртүү (көбөйтүү жана азайтуу). Ушул сыяктуу өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат, өзгөртүүлөр колдонууга киргизгенге чейин эң аз 5 (беш) календардык күн эртер ЭЛСОМ расмий сайтында же мобилдик приложениеде тийиштүү кабарлама жайгаштыруу аркылуу жарыяланат, Банк-Эмитент электрондук капчыкты колдонууга байланыштуу кызматтарга Тарифтерди жана Лимиттерди (чектөөлөрдү) бир тараптуу түрдө орнотууга жана өзгөртүүгө (көбөйтүү жана азайтуу) укуктуу. Ушул сыяктуу өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат, өзгөртүүлөр колдонууга киргизгенге чейин эң аз 5 (беш) календардык күн эрте, ЭЛСОМ расмий сайтында же мобилдик тиркемеде тийиштүү кабарлама жайгаштыруу аркылуу жарыяланат. Ошондой эле, Банк-Эмитент Электрондук капчыгын уруксатсыз пайдалануу/бузуу коркунучун болтурбоо / азайтуу максатында электрондук капчыкты колдонууга байланыштуу кызматтарга Тарифтерди, Лимиттерди (чектөөлөрдү) жана Электрондук капчыгын колдонуу менен байланышкан кызматтарга кирүү мүмкүндүктөрдү бир тараптуу түрдө, ЭЛСОМ тутумунун жана Капчык ээсинин Колдонуучуга алдын ала кабарлама жөнөтпөстөн орнотууга жана өзгөртүүгө (көбөйтүү жана азайтуу) укуктуу
3.4.5. Кардарлардын бардык түрлөрү үчүн Тарифтер жана Лимиттер Ушул Келишимдин №2 Тиркемесинде берилген;
3.4.6. Кыргыз Респубикасынын мыйзамына ылайык комиссия бардык салыктарды жана
жыйымдарды камтыйт.
3.5. Коопсуздук. Капчыктын коопсуздугу эки факторлуу аутентификация, транзакциондук лимиттер, жашыруун суроо, маалыматтарды шифрлөөнүн/ криптографиянын заманбап ыкмалары жана башка коопсуздук чаралары аркылуу Банк-Эмитент тарабынан камсыздандырылат.
3.5.1. Капчык ээси капчыгынын сактыгы жана үчүнчү жактарга өзүнүн маалыматтары жеткиликсиз болушу үчүн жоопкерчиликтүү болот;
3.5.2. Капчык ээсинин күнөсүнөн, шалаакылыгы же ушул Келишимдин “Коопсуздук жана жеке маалыматтардын сактоо эрежелери” бузуусунан улам электрондук капчыкты колдонуу менен аткарылган операциялар жөнүндө, Качык ээсинин берилмелери жөнүндө маалыматтар башка адамдарга белгилүү болуп калса, Банк – Эмитент жоопериликтүү болбойт.
3.5.3. Банк-Эмитенттин коопсуздугу үчүн бир тараптуу түрдө , Капчык ээине алдын ала эскертүүсүз Электрондук капчыкты бөгөттөөгө/ кирүү мүмкүндүктөрүнө жана чектөөлөргө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
3.6. Конфиденциалдуулук.Келишимди ишке ашыруу жана Капчык ээсинин операцияларынын коопсуздугун камсыздоо максатында Банк-Эмитент каалаган ыкма аркылуу ушул Капчык ээси тууралуу маалыматтарды (анын ичинде, бирок чектелбестен Капчык ээси колдонгон мүмкүндүк алуу түзмөктүн программалык камсыздоонун конфигурациялары жана башка характеристикалары жөнүндө маалыматтарды) чогултууга, сактоого, иштетүүгө укуктуу, ошондой эле керек болгон учурда ушул Келишимдин шарттарына, “ЭЛСОМ электрондук капчыгынын ээлеринин маалыматтарын коргоо жана конфиденциалдуулук саясатына, жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык маалыматтарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө укутуу;;
3.6.1. Ушул Келишимди ишке ашыруу максатын Капчык ээси Банк-Эмитентке каалаган ыкма аркылуу, Капчык ээси өзү же үчүнчү жактар арыкылуу, Келишимди түзүп жаткан учурда же Келишимдин колдонуу мөөнөтүндө тартууланган, Капчык ээсинин жеке берилмелерин иштеп чыгууга, ошондой эле ушул келишимде каралган максаттарда, тартипте жана шарттарда ушул маалыматты үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө макулдук берет. Жогоруда айтылган макулдук ушул Келишимдин колдонуу мөөнөтүндө колдонулат жана Капчык ээси тарабынан, “VI. Келишимди өзгөртүү жана токтотуу тартиби” бөлүмүндөгү тартипке ылайык Келишимди жокко чыгаруу аркылуу кайтарылышы мүмкүн;
3.7. Тараптардын өз ара аракеттенүү тартиби жана Доо иши
3.7.1. Банк-Эмитент төмөнкүдө берилеген ыкмалар аркылуу Капчык ээсине операциялар, Келишимдин шарттарынын өзгөрүүлөрү (анын ичинде Тарифтер жана Лимиттер) жана ЭЛСОМ кызматтары тууралуу кабарлама жөнөтөт:
· Маалыматтын расмий булагы жана Капчык ээсине кабарлоонун негизги каражаты болгон веб сайтына маалыматты жайгаштыруу аркылуу;
· Мобильдик приложениеде жана жеке кабинетте Push кабарламаларды жөнөтүү аркылуу;
· Капчык ээси тарабынан арызда көрсөтүлгөн мобилдик номерге СМС билдирүү жөнөтүү аркылуу, ошол номер электрондук капчыктын номери болуп саналат;
· Капчык ээси тарабынан мобилдик тиркемеде берилген электрондук дарекке электрондук кат жөнөтүү аркылуу; ;
· Капчык ээси тарабынан арызда берилген мобилдик номерге телефон чалуулар аркылуу;
· Капчык ээси тарабынан берилген дарекке кат жөнөтүү аркылуу;
· Капчык ээси тарабынан берилген номерге факс жөнөтүү аркылуу.
Капчык ээси тартуулаган берилмелеринин актуалдуулугуна жоокерчиликтүү болот. Жогоруда айтылган иш аракеттердин кайсынысы болбосун, бирин аткаруу Капчык ээсине тийиштүү түрдө кабарлама жөнөтүлгөн катары эсептелинет. Банк-Эмитент Капчык ээси ага жөнөтүлгөн кабарламаны алгандыгы же албагандыгы үчүн жоопкерчиликтүү болбойт
3.7.2. Банк-Эмитент тарабынан Капчык ээсинин электрондук капчыгы төмөнкү учурларда бөгөттөлүшү мүмкүн: :
· Капчык ээсинин демилгеси менен;
· Эгерде 180 (жүз сексен) календардык күндүн ичинде кардар тарабынан демилгеленген каржылык операциялар жүргүзүлбөгөндүгүнө байланыштуу капчык активдүү болбосо;
· Өзгөртүлгөн жеке берилмелерин өз убагында тартууланбаса жана анкеталык берилмелирин өз убагында толтурбаса/жаңыланбаса ;
· Кардардын идентификация жана верификациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашырганга чейин;
Капчык ээсинин жана/же үчүнчү жактын иш-аракеттери жана/же ишмердүүлүгү боюнча талап кылынган маалыматтардын аныкталганга/такталганга чейин, анын ичинде жаңылыш операцияларды аткаруу, Банктын кардарларынан санкцияланбаган операцияларга (доолорго) карата арыздары же Банктын санкцияланбаган операцияларды аткарылышы жөнүндө шектенүүлөр менен байланышкан талаштуу жагдайлар пайда болгон учурларга чейин;
·
· Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын демилгеси боюнча (анын ичинде Финансылык Чалгындоо Кызматынын талабы боюнча, соттун чечими жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптары боюнча):
(1) Эгер бул адамга карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышуусу тууралуу маалыматтар бар болсо;
(2) Эгер бул адам террористтик/экстремисттик ишмердүүлүккө жана массалык кыргын салуучу куралды жайылтууга катышуусу тууралуу маалыматтар болгон, санкциялаган тизмеге киргизилген жеке жана юридикалык жактардын бири болсо;
(3) Кыргыз Республикасынын мыйзамында, каралган башка учурларында.
3.7.3. Кардарлардын бардык даттануулары (доолору), сунуштары жана арыздары Банктын ички ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Банк – Эмитентке жазуу жүзүндө, электрондук же оозеки түрүндө жөнөтүлөт;
3.7.4. Кардарлардын даттанууларын (доолору), сунуштарын жана арыздарын каттоо жана карап чыгуу Банктын – Эмитенттин ички ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттөрдө Банк – Эмитент тарабынан иш жүзүнө ашырылат;
3.7.5. Электрондук капчык колдонулган мүмкүндүк алуу түзмөк жоголгон же уурдалган учурда, же электрондук капчыкка санкцияланбаган кирүүгө шек туудурган болсо, электрондук Капчыктын ээси бул факт жөнүндө Банкка – Эмитентке, ушул Келишимде көрсөтүлгөн, ар кандай жеткиликтүү ыкмалар аркылуу (жазуу жүзүндө, электрондук, оозеки) байланыштарга билдирүүгө милдеттенет;
3.7.6. Эгерде ПИН жоголсо, Электрондук Капчыктын ээси каттоо учурунда же Тутумдагы алгачкы авторизация учурунда Пин-кодду алыстан баштапкы абалга келтирүү үчүн Капчык ээси көрсөткөн Жашыруун суроону колдонууга укуктуу;
3.7.7. Эгер пароль жоголсо, анда Электрондук Капчык ээси мобилдик тиркемедеги же Жеке кабинеттеги “Паролуңузду унутуп калдыңызбы?” функциясын колдоно алат, андан кийин Каттоо учурунда көрсөтүлгөн телефон номерине Капчык ээси СМС аркылуу бир жолку паролду алат. Бул пароль убактылуу жана аны мобилдик тиркемедеги же ЭЛСОМдун Жеке кабинетиндеги кийинки авторизациядан кийин өзгөртүү керек;
3.7.8. Авторизация / аутентификация үчүн талап кылынган бардык маалыматтар (ПИН, Пароль, Жашыруун сөз) жоголгон учурда, электрондук Капчыктын ээси Банк-Эмитентинин бөлүмдөрүнө белгиленген форматта жазуу жүзүндө арыз менен кайрылышы зарыл;
3.7.9. Талаш-тартыштуу транзакция болгон учурда, Электрондук Капчыктын ээси Кол-центрге же Банк-Эмитенттин филиалына, операциянын деталдарын көрсөтүп, белгиленген форматта жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга милдеттенет;
3.7.10. Даттануу (доо) пайда болгон учурда:
· Арыздануучу ушул Келишимде берилген байланыштар боюнча Банк-Эмитенттин бөлүмдөрүнө же Колл-центрине кайрылат;
· Даттануу(доо) Банк-Эмитент тарабынан катталат, Банк-Эмитенттин регламентинде жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте иштелип чыгат;
· Даттануунун (доонун) негиздүүлүгү, арыздануучулардан келип түшкөн ар бир даттануу (доо) фактысы боюнча жүргүзүлгөн, иликтөөнүн негизинде Банк-Эмитент тарабынан аныкталанат;
· Эгер кызматтык иликтөөнүн негизинде Банк-Эмитент даттануунун(доонун) негиздүүлүгүн аныктаса же жарым жартылай аныкталса Банк-Эмитент ушул даттанууну(доону) толугу менен же жарым жартылай канааттандыруу жөнүндө чечимин кабыл алат. Эгер даттануу (доо) толугу менен канааттандырылса, Банк-Эмитент арыздануучуга даттануунун канааттандырылышы тууралуу жооп жөнөтпөстөн тийиштүү иш чараларды көрүүгө укуктуу. Эгер даттануу (доо) жарым жартылай канааттандырылса же канааттандыруудан баш тартылса, Банк-Эмитент арыздануучуга, ушул Келишимде каралган бир ыкма аркылуу тийиштүү кабарлама жөнөтөт;
· Эгерде Банк – Эмитент тарабынан арыздануучудан суралган даттануунун (доонун) маңызы жөнүндө документтер, маалыматтар, сурамды арыздануучуга жөнөтүлгөн күндөн тартып 3 (үч) иш күндүн ичинде алынбаса, анда арыздануучубул даттануудан (доо) баш тартты деп эсептелет.
3.7.11. Банк – Эмитент анын катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн бүтүмдүн тарабы болуп саналбайт, буга байланыштуу:
· Бүтүмдүн мыйзамдардын талаптарына ылайык келбегендиги, бүтүмдүн, аткаруунун (туура эмес аткаруунун) жана бүтүмдүн токтотулушунун ар кандай кесепеттери үчүн, анын ичинде мындай бүтүм үчүн төлөмдү кайтарып берүү үчүн жоопкерчиликтүү болбойт;
· бүтүмгө катышкан тараптардын милдеттенмелеринин аткарылбаганы (талаптагыдай эмес аткарылгандыгы) жөнүндө дооматтарды карабайт.
3.8. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
3.8.1. Тараптар Келишим боюнча жана / же ага байланыштуу талаш-тартыштарды жана / же келишпестиктерди сүйлөшүү же доо жөнөтүү жолу менен жөнгө салуу үчүн бардык чараларды көрүшөт;
3.8.2.Тараптар Келишим боюнча жана / же ага байланыштуу талаш-тартыштарды жана / же келишпестиктерди, 15 күдүн ичинде, сүйлөшүү жолу менен же доо жөнөтүү жолу менен жөнгө салуу үчүн бардык чараларды көрүшөт;.
4. Тараптардын укуктары жана милдеттенмелери
4.1.Банк – Эмитент укуктуу:
4.1.1. Кандайдыр бир ыңгайлуу ыкма аркылуу Капчык ээсин жана ал тартуулаган берилмелерди текшерүү;
4.1.2. Ушул Келишимде каралган учурларда кардарга электрондук капчыкты каттоодон баш тартуу;
4.1.3. Капчык ээсине операцияны өткөрүүдөн же тигил же бул кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу;
4.1.4. Ушул Келишимде каралган учурларда Капчык ээсинин электрондук капчыгын жабуу же бөгөттөө;
4.1.5. Ушул Келишимдин шарттарына ылайык, алдын ала билдирүү жөнөтпөстөн, бир тараптуу түрдө Тарифтерин, Лимиттерин (чектөөлөргө) жана кызматтарга кирүү мүмкүндүктөрүн, ошондой эле Электрондук капчыкты колдонууга байланыштуу тейлөөнүн кадайдыр башка шарттарын орнотуу жана/же өзгөртүү (көбөйтүү, азайтуу);
4.1.6. Бир жылдын ичинде каржылык операциялар өткөрүлбөсө, Банк-Эмитент бир жылдык тейлөө үчүн комиссияны ала алат. Комиссиянын өлчөмү Банк-Эмитент тарабынан бекитилет жана ЭЛСОМ расмий сайтында жарыяланат;
4.1.7. Банк-Эмитенттин жана/же өнөктөштөрдүн мүмкүн болгон арзандатуу, акциялар жана башка кызматтар жөнүндө электрондук каттарды, Push кабарламаларды жана СМС жарнамаларды жиберүүсүн ишке ашыруу;
4.1.8. Капчык ээсине доо суммасын кайтарып берүүдөн баш тартуу, эгер бул кызмат көрсөтүүчү тарабынан Капчык ээсине товар же кызмат үчүн төлөнгөн сумманы кайтарып берүү мүмкүн эмес болсо жана/же Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Ушул Келишимдин талаптарына же башка негиздерге ылайык мүмкүн болбосо;
4.1.9. Банк-Эмитенттин маалымат базасынын иштөөсүн бузулуу учурунда операциялар боюнча жазууларга өзгөртүүлөрдү киризүү, ошондой эле Капчык ээси тарабынан аткарган бардык операциялар тууралуу маалыматты калыбына келтирүүгө зарыл болгон иш аракеттерди көрүү;
4.1.10. Ушул Келишимдин алкагында Тараптардын өз ара аракеттенүүсүндө колдонулган Итерфейстердин (USSD, мобилдик приложение, жеке кабинет ж.б.) жаңылоосун жана/же модификациясын өткөрүү;
4.1.11. Олуттуу кемчиликтерди, каталарды жана бузулууларды табуу учурунда, ошондой эле жаңылануу, профилактикалык иштерди жүргүзүү жана санкцияланбаган мүмкүндүктү минимизациялоо максатында, ушул Келишимдин алкагында Тараптардын техникалык өз ара аракеттенүүсүндө камсыздаган программалык жана/же аппараттык каражаттардын иштөөсүн токтотуу;
4.1.12. Капчык ээлеринин электрондук капчыктарынан шектүү/күмөндүү каржылык операцияларды өткөрүлгөн учурда, Банк- Эмитент бир тараптуу акцептсиз түрдө керектүү болгон ишчараларды өткөрүү, анын ичинде капчык боюнча шектүү/күмөндүү операцияларды жокко чыгаруу жана операция боюнча акча каражаттарды баштапкы ээсине кайтарып берүү жана/же электрондук капчыкты блокировкалоо укугун өзүнө калтырат;
4.1.13. Капчык ээлеринин электрондук капчыктарынан шектүү/күмөндүү каржылык операцияларды өткөрүлгөн учурда, Банк- Эмитент бир тараптуу акцептсиз түрдө керектүү болгон ишчараларды өткөрүү, анын ичинде капчык боюнча шектүү/күмөндүү операцияларды жокко чыгаруу жана операция боюнча акча каражаттарды баштапкы ээсине кайтарып берүү жана/же электрондук капчыкты бөгөттөө жана/же Капчык ээсине жазуу түрүндө билдирүү жөнөтпөстөн Электрондук капчыкты жабуу укугун өзүнө калтырат;.
4.1.14. Ушул Келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө Капчык ээсинин Электрондук капчыгын жабуу;
4.2.1. Ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында бекитилген тартипте Электрондук капчыкты колдонуп аткарылган операциялар боюнча кабарлама, маалымат, көчүрмө алуу;
4.2.2. Ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда Банк – Эмитентке сунуштарды, даттанууларды (доолорду) жана башка арыздарды жөнөтүү;
4.2.3. 5 (беш ) ашык эмес катталган электрондук капчыктарга ээ болуу;
4.2.4. Ушул Келишимде белгиленген шарттарда жана тартипте ушул Келишимди бир тараптуу бузуу;
4.3. Банк-Эмитенттин милдеттүү:
4.3.1. Келиш боюнча жана Кыргыз Республиканын Мыйзамынын алкагында бардык талаптарды жана милдеттенмелерди сактоо жана аткаруу;
4.3.2. Ушул Келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө электрондук капчыктын ээсине кабарлама берүү;
4.3.3. ЭЛСОМ сайтына жана/же мобилдик приложениеге жайгаштыруу аркылуу Капчык ээсинин ушул Келишимге кирген өзгөрүүлөр (анын ичинде Тарифтер, Лимиттер жана/же Кызматтарды тартуулоо башка шарттары) тууралуу кабарлоо, же ушул Келишимде берилген, Банк-Эмитентти каалоосу боюнча Капчык ээсине башка ыкма аркылуу кабарлама жөнөтүү;
4.3.4. Операцияларды аткаруу тууралуу капчык ээсинин буйрууларын тийиштүү жана өз убагында аткарууну камсыздоо, Капчык ээси, Капчык ээсинин электрондук капчыгы жана аткарылган операциялары жөнүндө маалыматтын конфиденциалдуулугун, коопсуздугун жана сактыгын камсыздоо.
же жабуу;
4.3.5. Транзакцияларды жүргүзүлүп жатканда учурда, ушул Келишимде көрсөтүлгөн ыкма аркылуу, Капчык ээсине Банк-Эмитенттин каалоосу боюнча кандайдыр бир ыкма аркылуу пландаштырылган техникалык иштерди жүргүзүлүшүнөн улам Системанын же жабдуулардын жеткиликсиздиги, же Системанын аныкталбаган башка бузулгандыгын кесепетинин натыйжасында Операцияга Буйрууну өз убагында аткаруусуна таасир этиши мүмкүн экендиги жөнүндө кабарлоо;
4.4.1. Ушул Келишимдин шарттарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын сактоо, Банк-Эмитент тарабынан коюлган талаптарды жана өзүнүн милдеттенмелерин тийиштүү түрдө аткаруу;
4.4.2. Банк-Эмитенттин макулдугусуз жана тийиштүү келишимди (келишимдерди) түзүүсүз ишкердик иш аракеттер менен байланыштуу операцияларды аткарбоо;
4.4.3. Банку-Эмитентке бир гана анык жана актуалдуу маалыматты тартуулоо;
4.4.4. Жеке маалыматтар, анын ичинде паспорттук маалыматтар жаңыртылган учурда, Банк-Эмитенттин бөлүмүнө кайрылуу;
4.4.5. Банк-Эмитенттин талабы боюнча өз убагында анкетаны жаңылоо,
4.4.6. Банк-Эмитенттин сурамы боюнча маалыматты тартуулоо, анын ичинде Электрондук капчыктагы акча каражаттарынын келип чыгуу булагын тастыктаган документтерди, ошондой эле транзакцияны аткаруу үчүн негизди тартуулоо;
4.4.7. Акыркы жаңылыктарды, акцияларды, кызматтарды көрсөтүү тартибиндеги өзгөрүүлөр / толуктоолор, Тарифтер жана Лимиттер жана ушул Келишимдеги башка өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат алуу үчүн Банк-Эмитенттин веб-сайтына/ мобилдик приложениеге мезгил мезгил менен кайрылып туруңуз;
4.4.8. Жеке маалыматтар, Капчык ээсинин инсандыгын ырастоочу документтин маалыматтары, байланыш маалыматтары жана ушул Келишимдин аткарылышы үчүн Банкка зарыл болгон башка маалыматтар өзгөргөн учурда, Банкка – Эмитентке өз убагында кабарлама берүү.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
5.1. Банк – Эмитент жоопкерчиликтүү:
5.1.1. Ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган милдеттенмелерин аткаруу (тийиштүү түрдө аткаруу);
5.1.2. Операция боюнча Буйрууларды тийиштүү түрдө жана өз убагында аткаруу;
5.1.3. Капчык ээси тарабынан тартууланган жашыруун маалыматтын, анын ичинде Капчык ээсинин жекелештирилген берилмелерге байланыштуу ар кандай маалыматтар кирет, операцияларды өткөрүү тууралуу берилмелер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамыны тарабынан жашыруун (купуя) маалыматтардын катарына кирген маалыматтардын сакталышы.
5.2. Банк – Эмитент жооптуу болбойт:
5.2.1. Эгер Капчык ээсинин Операция боюнча Буйруусун толугу менен аткарган учурда операциялардын туура эмес аткаруу;
5.2.2. Форс-мажордук жагдайлар (форс-мажор), пландуу профилактикалык оңдоо иштери, техникалык үзгүлтүктөр (электр менен камсыздоону / байланыш тармактарын бузуу / процессинг борборунун программалык камсыздоосу бузулушу, жана төлөм системаларындагы техникалык бузулуулары) орун алган учурда, Банк-Эмитенттин ушул Келишимдин шарттарын аткарбоого алып келүү;
5.2.3. Тигил же бул кызматты көрсөтүү тартибинде өчүрүүлөргө же өзгөртүүлөргө дуушар болгон учурда, бул өчүрүү/өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр менен байланыштуу болсо жана Банк-Эмитент тарабынан Капчык ээсине ушул Келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө тийиштүү кабарлама жөнөтүлсө;
5.2.4. Капчык ээсинин операция боюнча Буйруусына ылайык кабыл алынган, Транзакциясынын аткаруу үчүрунда ЭЛСОМ системасынын иштебей калышынан келип чыккан чыгымдар үчүн (анын ичинде стандарттуу эмес кырдаалдарда), Системанын мындай иштебей калышы жөнүндө Банк-Эмитент тарабынан Капчык ээсине тиешелүү кабарлама жөнөтүлсө;
5.2.5. Банк-Эмитентке көз каранды болбогон себептерден улам почта, Интернет, байланыш тармактарын иштөөсүндөгү бузуулардан натыйжасында, Капчык ээсинин Банк-Эмитент тарабынан жөнөтүлгөн кабарламаларды өз убагында албоо же толугу менен албоо.
5.2.6. Капчык ээсинин, Электрондук капчыкты колдонуусун жана ушул Келишимдин алкагында Банк-Эмитент менен өз ара байланышын камсыздаган, байланыш каражаттарына убактылуу кирүү мүмкүндүгүн жок болуу жана бул менен байланыштуу чыгымдар;
5.2.7. Эгер байланыш каналдарын колдонуу учурунда аларды угуу же тосуп алуу натыйжасында Электрондук капчыкты колдонуп өткөрүлгөн операциялар боюнча маалыматтар, Капчык ээси тууралуу берилмелер башка адамдарга белгилүү болушу;
5.2.8. Эгер Капчык ээсинин ушул келишимди бузуу же капчык ээсинин тийиштүү берилмелерин сактоо жана колдонуу шарттарын бузуунун натыйжасында Электрондук капчыкты колдонуп өткөрүлгөн операциялар боюнча маалыматтар, Капчык ээси тууралуу берилмелер башка адамдарга белгилүү болушу;
5.2.9. Капчык ээсинин тарабынан Ушул Келишимди бузуунун натыйжасында, үчүнчү жактардын капчык ээсинин электрондук капчыгына санкцияланбаган кирүүсүнөн улам келип чыккан Капчык ээсинин чыгымдары үчүн; ;
5.2.10. Электрондук Капчыкты блокировкалоонун натыйжасында Капчык ээси дуушар болгон чыгымдар,
5.2.11. Капчык ээсинин берилмелерин өзгөрүүсү тууралуу Капчык ээсинин Банк-Эмитентке өз убагында кабарлама бербегендигенен улам келим чыккан чыгымдар;
5.2.12. Төлөм терминалы же башка кандайдыр бир аппараттык-техникалык каражаттар (перифериялык/мүмкундүк алуу түзмөк) аркылуу акча каражаттарды салуу учурунда Элетрондук капчыктын номерин туура эмес киргизүү жана Банк-Эмитент тарабынан көрсөтүлгөн Электрондук капчыкка акча каражаттарды чегерүүсүнөн улам келип чыккан Капчык ээсинин чыгымдары;
5.2.13. Капчык ээси тарабынан белгиленген акча каражат киргизүү тартибин бузуунун натыйжасында келип чыккан чыгымдар;
5.3.1. Ушул келишимдин шарттары билуу учун;
5.3.2. Электрондук капчыктын коопсуздугуна түздөн-түз же кыйыр түрдө таасир этиши мүмкүн болгон жеке маалыматтардын, ошондой эле электрондук капчыкты колдонуу процессинде алынган ар кандай маалыматтын коопсуздугу үчүн;
5.3.3. Операцияларды аткаруу боюнча Буйрууларды тийиштүү түрдө тариздөө;
5.3.4. Анык жана актуалдуу маалыматтарын тартуулоо;
5.3.5. Капчык боюнча операцияларды үзгүлтүксүз текшерүү үчүн жана санкциялабаган/шектүү операциялар орун алган учурда Банкка маалымдоо үчүн;
5.3.6. Ушул Келишимдин жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын шарттарын тийиштүү түрдө аткаруу;
5.3.7. Өзгөртүлүнгөн жеке берилмелерди өз убагында тартуулобоо жана кардардын анкетасын өз убагында толтурбоо/жаңылобоо;
5.3.8. Ушул Келишимде айтылбаган суроолор боюнча, Тараптар өздөрүнүн милдеттенмелерин тийиштүү түрдө аткарбоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, жооптуу болушат.
6. Келишимди өзгөртүү жана жокко чыгаруу тартиби
6.1. Банк-Эмитент тарабынан каалаган учурда ушул Келишим, анын ичинде Тарифтер, Лимиттер, көрсөтүлгөн кызматтардын тизмеси, ошондой эле ушул Келишимдин алкагында Талаптардын өз ара аракеттенүүсүн башка шарттары ушул Келишимге ылайк өзгөрүлүшү мүмкүн;
6.2. Ушул Келишимде каралган тартип жана мөөнөтүнө ылайык, өзгөрүүлөр ЭЛСОМ мобилдик тиркемесинде жана веб сайтына жайгаштырылгандан учурдан баштап өз күчүнө кирет, ушул Келишимде каралган башка учурларды кошпогондо, жана Капчык ээси үчүн милдеттүү болуп саналат.
6.3. Капчык ээси каалаган убакытта Банк-Эмитенттин бөлүмүнө бекитилген форматта жазуу түрүндө арызды жана инсандыгын ырастоочу документ тартуулоо аркылуу ушул Келишимди жокко чыгарууга укуктуу;
6.4. Банк-Эмитент төмөнкү учурларда электрондук капчыкты жабуу аркылуу Капчык ээси менен ушул Келишимди жокко чыгарууга укуктуу:
· Эгер Капчык ээси идентификация жана верификация үчүн керектүү болгон маалыматтарды берүүдөн баш тартса;
· Эгерде электрондук капчыкка байланган мобилдик телефондун номери уюлдук оператор тарабынан өчүрүлүп же жокко чыгарылса;
· Эгерде 180 (жүз сексен) календардык күндүн ичинде кардар тарабынан демилгеленген каржылык операциялар жүргүзүлбөгөндүгүнө байланыштуу капчык активдүү болбосо;
· Электрондук капчык боюнча күмөндүү/шектүү операцияларды өткөрүүдө учурунда;
6.5. Электрондук капчыктын балансында акча каражатынын калдыгы болсо, Банк – Эмитент 10 (он) иш күндүн ичинде Банк-Эмитенттин алдындагы карызын (эгер бар болсо) алып салуу менен, акча каражаттын калдыгын Банк-Эмитенттин атайын эсебине которот. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, Капчык ээси инсандыгын тастыктаган документ менен Банк-Эмитенттин бөлүмүнө кайрылып ага таандык болгон сумманы (накталай жана нак эмес), талап кыла алат.
7. Корутунду жоболор
7.1. Капчык ээси ушул Келишимдин бардык шарттары түшүнүктүү болгонуна, жана аларды шартсыз жана толук көлөмдө кабыл алуусуна кепилдик берет;
7.2. Капчык ээси ушул Келишим боюнча укуктук мамилелерди түзүүгө, жогорууда
айтылып кеткен бардык укуктарды аткарууга жана милдеттенмелерди аткарууга укуктуу экенин, ошондой эле Ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткарууга эч кандай тосколдуктар болбойт экендигине кепилдик берет;
7.3. Ушул Келишидин кандайдыр бир бөлүгүн же Тиркемелиринин жараксыздыгын же аткарылбагандыгы анын башка бөлүктөрүн жараксыздыгын же аткарылбагандыгын алып келбейт.
7.4. Электрондук капчыкты колдонуп, аткарылган бардык операциялардын убакыты катары, операциялар боюча маалыматтарды иштетип чыккан, Системанын оператору тарабынан аныкталган убакыт саналат, эгер убакытты аныктоо боюнча башка тартип кошумча макулдашылган болбосо;
7.5. Ушул Келишимдин шарттарында чагылдырылбаган бардык калган суроолор боюнча Тараптар Капчык ээсинин жарандыгына жана жашаган жерине карабастан Кыгыз Республикасынын мыйзамын колдонушат;
7.6. Тараптардын жазуу түрүндө макулдулугу болгон учурлардан тышкары, Ушул Келишим боюнча укуктарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө уруксат берилбейт;
7.7. Ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү катары төмөнкү Тиркемелер саналат
7.7.1. №1Тиркеме : Коопсуздук жана жеке маалыматтардын сактоо эрежелери
7.7.2. №2Тиркеме: Элсом Системасынын Тарифтери жана Лимиттери;
7.7.3. №3Тиркеме: Конфиденциалдуулук жана капчык ээлеринин берилмелерин сактоо саясаты.
8. Банк – Эмитенттин Реквизиттери:
«Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАК
Дареги: Кыргыз Республикасы, 720040,
Бишкек ш., Эркиндик бул., 21
Тел.: +996 (312) 986 000,
Уюлдук телефон: +996 (556) 986 000,
Мегаком абонеттери үчүн: *900;
Viber, WhatsApp: +996 (775) 986 000;
Электрондук почта: info@elsom.kg
КРУБ Лицензиясы № 046.
Коомдук офертага
№1 Тиркеме
Коопсуздук жана жеке берилмелерин сактоо эрежелери
Электрондук капчыктардын ээлери жеке берилмелерин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоого милдеттүү:
1. Авторизация үчүн өзүнүн берилмелерин (пароль, ПИН) же башка жеке берилмелерди кирүү мүмкүндүгүн камсыздаган түзмөктөрдө (жеке компьютер, уюлдук телефон ж.б.) же башка корголбогон маалымат ташуу каражаттарында сактабоо;
2. Башка жактарга авторизацияга керектүү болгон маалыматтарды жана башка берилмелерди маалымдабоо, ачыкка чыгарбоо жана кандайдыр бир ыкма аркылуу өткөрүп бербөө;
3. Үчүнчү жактарга жеке кабинеттке же мобилдик приложениеге кирүү мүмкүндүгүн ачыкка чыгарылган учурда санкцияланбаган транзакциялар үчүн жоопкерчиликтүү болуу;
4. Мезгил мезгил менен ПИН кодду, паролду алмаштыруу, ысымы жана туулган күнү болгон символ менен белгилердин жөнөкөй айкалышын колдонбоо;
5. Өздүк маалыматтарды чочун адамдар үчүн ачыкка чыгарбоо (мобилдик телефондун номери, электрондук капчыктын номери, паспорттук берилмелери, банктык эсептин номери же электрондук почтанын дареги, ПИН/ парол);
6. Электрондук Капчык боюнча Жаңылыштыктарды же авторизацияланбаган операцияларды көзөмөлдө үчүн операциялардын тарыхын жана электрондук капчыктагы калдыкты үзгүлтүксүз текшерип туруу;
7. Жеке кабинетке кирүү үчүн кокустан тандалган үчүнчү жактардын мобилдик түзмөктөрүн гаджетерин, коомдук жайларда орнотулган коомдук же текшерилбеген компьютерлерди (компьютердик клубдар, китепканалар ж.б.) колдонбоо
8. Жеке кабинетте кандайдыр бир операцияларды аткаруунун алдында (жеке компьютердин же мобилдик телефон аркылуу) веб-сайттын нак баракчасы колдонулуп жатканын текшерип алуу;
9. Веб-баракчасын коопсуздугун текшерүү үчүн төмөнкү оң бурчта же Интернет браузердин дарек тилкесинде жайгашкан корголгон байланыштын белгиси болгон жабык кулпу түрүндөгү белгини текшерүү;
10. Дайыма веб-браузер аркылуу веб-баракчанын URL (унификацияланган ресурстардын көрсөткүчү) текшерүү. Кайрадан багыттоодон же ишенимдүү болбогон баракчалардын шилтемелеринен алыс болуңуз;
11. Өзүңүздүн кирүү мүмкүндүгүн камсыздаган түзмөктү (жеке компьютерди, мобилдик телефонду, планшетти) санкцияланбаган кирүүдөн жана зыян келтирүүчү программалардан коргоо, ошол эле учурда антивирус программасынын үзгүлтүксүз жаңылануусун жана иштөөсүн көзөмөлдөө;
12. Кирүү мүмкүндүгүн камсыздаган түзмөк кыска убакытка кароосуз калса да, электрондук операциялар аткарылган жеке кабинеттен же мобилдик приложениеден чыгуу зарыл;
13. Электрондук капчыктын мүмкүндүгү жана төлөмү аткарылган өзүңүздүн мобилдик телефонуңузду же башка мүмкүндүк алуу түзмөктү башка адамдарга колдонууга уруксат бербөө;
14. Келишимде берилген контактар боюнча мүмкүн болгон кандайдыр бир жол менен (жазуу түрүндө, электрондук форматта, ооз эки түрүндө) электрондук капчыкты уруксатсыз колдонуу, үчүнчү жактар тарабынан санкцияланбаган жана / (же) алдамчылык операцияларын жүргүзүү учурлары жөнүндө Банк-эмитентке дароо кабарлама берүү;
15. Келишимде берилген контактар боюнча мүмкүн болгон кандайдыр бир жол менен (жазуу түрүндө, электрондук форматта, ооз эки түрүндө) электрондук капчык колдонулган мобилдик телефонду жоготуу же урдатуу жөнүндө Банк-эмитентке дароо кабарлама берүү;