Бизнесиңиз үчүн чечимдер

Соода жана сатык ишканаларга

ЭЛСОМ ​​электрондук капчыгы , чекене дүкөндөр, кафелер, ресторандар, кофейнялар  үчүн идеалдуу туура келет.

Кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн

Капчыктын бул түрү товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдү кабыл алууга ылайыкташтырылган,  анда кардардын идентификациясы өздук эсеби боюнча аткарылат.

Агенттер үчүн

ЭЛСОМ ​​аркылуу товарларыңызды сатуудан тышкары, уюлдук телефондордун балансын толтуруу, башка коммуналдык кызматтарды төлөө, ошондой эле башка колдонуучулардын электрондук капчыгын толуктоо жана акча каражат чыгарып алуу менен кошумча акча таба аласыз.

Билим берүү мекемелери үчүн

Билим берүү кызматтары үчүн  төлөм кабыл алууга  арналган, анда кардардын идентификациясы өздук эсеби боюнча аткарылат. Мисалы, мектептер, университеттер, билим берүү курстар ж.б.

Ижарага берүүчүлөр үчүн

Соода жайлардын жана кеңселердин ээлери үчүн капчык. Банктын бөлүмдөрүнө барбастан, онлайн режиминде ижара акысын чогултуу кызматы.

Интернет дүкөндөр үчүн

Эгерде бизнесиңиз онлайн режиминде товарларды жана кызматтарды көрсөтүү тармагында  болсо, анда Интернет Эквайринг кардарларыңызга товарлар жана кызматтар үчүн ЭЛСОМ ​​аркылуу мобилдик тиркемеде, веб-сайтта төлөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Төлөмдөрдү ЭЛСОМ менен бирге кабыл алыңыз

Реалдуу убакыт режиминде төлөмдөрдү кабыл алыңыз
Кардардык базаны жогорулатуу
Лоялдуулук программасы
Төлөмдөрдү карта жана Элсом аркылуу кабыл алган POS-терминалын орнотуу мүмкүнчүлүгү
Кошумча киреше алуу мүмкүнчүлүгү

Кандай артыкчылыктарга ээ болосуз?

Акча каражаттарды алуу ылдамдыгын жогорулашы

Электрондук капчык боюнча бардык операциялар онлайн режиминде өткөрүлөт, электрондук капчыкты толуктап, акча каражаттарды жөнөтүү жетиштүү болот.

 Төлөмдөрдү көзөмөлдөө жана операцияарды реалдуу убакыт режиминде жүргүзүү мүмкүнчүлүгү.

Мобилдик тиркеме же веб-сайт аркылуу ЭЛСОМ боюнча операцияларды каалаган жерде жана каалаган убакта алыстан өткөрө аласыз.

 Компанияңызды ЭЛСОМ ​​аркылуу илгерилетүү.

ЭЛСОМ өнөктөштөргө өз брендин жана товарын же кызматын расмий сайт, мобилдик тиркеме жана ЭЛСОМ социалдык тармактары аркылуу таанытуу мүмкүнчүлүгүн берет.

 АКЫСЫЗ туташуу жана капчык  боюнча АКЫСЫЗ тейлөө  

Өнөктөштүктүн алкагында ЭЛСОМ туташтыруу жана капчык боюнча тейлөө  үчүн комиссия албайт (  PIN кодун, паролду баштапкы абалга келтирүү, берилмеледи өзөртүү ж.б.)

 Салыктарга чыгымдарды кыскартуу

2022-жылдын 1-январынан тартып КР Салык кодексине (2022-жылдын 18-январындагы № 4 КР Мыйзамы) өзгөртүүлөр күчүнө киргендигине байланыштуу нак эмес кабыл алынган төлөмдөр 2023-жылдын 1-январына чейин 0% өлчөмүндө сатуу салыгын төлөө мүмкүнчүлүгүн берет!

2023-жылдын 1-январынан тартып сатуу салыгынын коюмдары белгиленет:

1) нак түрдө төлөнгөн, КНС салынуучу товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда:

 

 

а) 1 пайыз өлчөмүндө – соода иши жана өндүрүш чөйрөсү үчүн;

б) 2 пайыз өлчөмүндө – ушул пункттун «а» пунктчасында каралбаган иш үчүн;

2) нак түрдө төлөнгөн, КНС төлөөдөн бошотулган товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда:

а) 2 пайыз өлчөмүндө – соода иши жана өндүрүш чөйрөсү үчүн;

б) 3 пайыз өлчөмүндө – ушул пункттун «а» пунктчасында каралбаган иш үчүн

 Нак акча каражаттарды сактоо жана ташуу тобокелдиктерин азайтуу

— Бардык топтолгон  акча каражаттар Электондук капчыгыңызда сакталат, каалаган убакытта топтолгон акча каражатыңызды эсептешүү эсебине которо аласыз;

— Электрондук капчыкты колдонуу менен, накталай акчаларды кабыл алууда жана эсептөөдө кызматкерлердин каталарына байланыштуу чыгымдар азаят.

— Керек болгон учурда электрондук капчыкты каалаган убакытта блокировкалай аласыз

 Төлөөчүлөрдүн лоялдуулугу  үчүн жагымдуу шарттарды түзүү

—Кардарларыңыз төлөмдөрдү, банктын жумуш убактысына карабастан, кезексиз жүргүзө алышат

— Сиздин системаңызды ЭЛСОМ системасы менен интеграциялоо аркылуу төлөмдөрдү автоматташтыруу, бул кызматкерлериңиздин төлөмдөрдү иштеп чыгуу убактысын кыйла кыскартат

 Үйдөн чыкастан төлөм өткөрүү мүмкүнчүлүгү

Электродук капчыктын ар бир кодонуучусу каалаган убакытта,  үйдөн чыкпастан өзүнүн сатып алуусу үчүн  төлөм же алдын ала төлөм өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот;

Төлөмдү кабыл алуу ыкмалары

Group 3553

ЭЛСОМ капчыгы

Сиздин кызматыңыз ЭЛСОМ ​​электрондук капчыгынын бардык ээлеринде пайда болот (мобилдик тиркемеде, жеке кабинетте).

agents

ЭЛСОМ тейлөө пункттары

Сиздин кызматыңыз ЭЛСОМ агенттик тармагында көрсөтүлөт. Кардарлар кызматтарыңыз үчүн бүткүл Кыргызстан боюнча акы төлөй алышат

POS termianl

POS терминалдар

Төлөмдөрдү VISA, ELCART, Union Pay, Mastercard банктык  карталары, ошондой эле ЭЛСОМ электрондук капчыгы аркылуу KICBнин POS терминалдары аркылуу кабыл алыңыз.

internet acquiring

Интернет эквайринг

Бул сиздин кардарларыңызга сайттан сатып алууларды карталар же ЭЛСОМ электрондук капчыгы колдонуу аркылуу тез жана оңой төлөөгө мүмкүнчүлүк берет. KICB интернет-эквайринг – Интернетте активдүү иштөөгө даяр болгон компаниялар үчүн чечим.

internet banking

KICBнин интернет банкинги

KICBнин бардык кардарлары кызматтарыңыз үчүн акы төлөй алышат. 

kicb terminal

KICBнин төлөм терминалдары

KICB банкынын бардык терминалдык тармагында өзүңүздүн төлөм баскычыңыз болот. Кардарлар сиздин кызматтарыңыз үчүн накталай төлөй алышат.

Бизнесиӊиз үчүн мобилдик тиркеме

Алдыда бол!

Каттоо үчүн өтүнмө

Катоо формасын толтуруп ЭЛСОМдун өнөкөтөшү бол

Табыштаманы берүүгө чейин, эсепти /ЭЛСОМ электрондук капчыкты  ачуу үчүн керектүү документтердин тизмесин жана

төлөмдөрдү кабыл алуу келишимине карата эрежелерин окуп чыгыңыз.

#