Жашыруундулук жана колдонуучулардын маалыматтарын коргоо саясаты

I. Жалпы жоболор

Жашыруундуулук саясаты жана колдонуучулардын маалыматтарын коргоо (мындан ары-“Жашыруундулук саясаты”) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыгып, Элсом электрондук капчыктын кармоочуларына (мындан ары- “кармоочу”) – KICB банктын (мындан ары- Банк-Эмитент)кардарларына арналган;

Жашыруундулук Саясаты чогултуп алуу ыкмаларын, чогултулуп жаткан жеке маалыматтардын тизмесин, алардын чогултуу максатын, сакталышын, иштеп чыгуунун жана үчүнчү жактарга өткөрүп берүүсүн, кармоочулардын жана Банк-Эмитенттин укуктарын, милдеттемелерин, ошондой эле  Элсом электрондук капчыктын кызматтарын көрсөтүү (мындан ары- “Элсом Кызматтары”) процессиндеги коопсуздукту камсыздоо үчүн Банк-Эмитент тарабынан көрсөтүлгөн чараларын аныктайт.

Жашыруундулук Саясаты танышуу үчүн Элсом системасынын  Интернет тармагындагы официалдуу веб-сайтта  https://www.elsom.kg/ дареги боюнча жеткиликтүү.

Бул иш кагаздын максаттарына ылайык электрондук капчыктын кармоочулары тууралуу жеке маалыматтар, кармоочунун Элсом кызматтарын колдонуудан улам Банк-Эмитент тарабынан кабыл алынган электрондук капчык тууралуу маалыматтар  жашыруун маалымат болуп эсептелинет.

 

II. Жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштетүү жана берүү жөнүндө макулдук алуу.

2.1. Үчүнчү жактарга жашуурун маалыматты чогултуу, сактоо, иштетүү жана берүү түзүлгөн келишимдин алкагында гана ишке жүзүнө ашырылат же Коомдук офертанын акцепттин алкагында Элсом Кызматтарын камсыз кылуу тууралуу келишимин (мындан ары- “Келишим”) түзүү үчүн ишке ашырылат. Келишим түзүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аныкталат;

2.2. Коомдук офертанын милдеметтемелерин алып/Келишимге кол койгондон кийин кармоочу Элсом Кызматтарын колдонуу процессиндеги Банк-эмитент тарабынан жашыруун маалыматтарды чогултуу, сактоо жана берүү үчүн колдонгон шарттарына макулдугун берет.

 

III. Чогултулуп жаткан жеке маалыматтардын тизмеги

3.1. Жашыруундулук Саясаты баардык жеке маалыматтарга жана кармоочу берген башка маалыматтарга,  келишимге/ Коомдук офертанын милдеметтемелерине кол коюп жатканда, электрондук капчыкты каттоодо, ЭЛСОМ кардарларын тейлөө кызматына кайрылганда берилген, өздүк кабинетте веб-булактарындагы web.elsom.kg дарегинде жана мобильдик приложениелерде толтурулган маалытаттарга, Элсом Кызматтарын көрсөтүүдөгү Банк-Эмитент алган маалыматтарга, ошондой эле башка уюмдар менен шериктештигинен алынган маалыматтарга тиешелүү  болот.

3.2. Банк – Эмитент кармоочулар тууларуу кийинки маалыматтарды колдонот:

3.2.1. Далдаштыруу маалыматтар. Чогултулган маалыматтарга каттоо процессинде кармоочу Банк-Эмитентке берген маалыматтарды камтыйт. Бул маалыматтар төмөнкүлөрдү камтыйт:

Жеке жактар: Аты жөнү, туулган жылы, дареги, анын жарандыгын ырастоочу документти (аталышы, сериясы, номери, документ чыгарылган датасы, документти берген органы), телефон номери, электрондук почтасынын дареги, жынысы, ошондой эле Банк-Эмитент тарабынан талап кылынган башка маалыматтар;

Патент же күбөлүктүн негизинде жеке ишкер катары ишкердик жүргүзгөн жеке жактар: мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн маалыматтары;, ИНН, юридикалык дареги, ОКПО коду, каттоо номери; ишкердик жүргүзгөнү үчүн  патенттин маалыматтары, жетекчисинин ким экендигин тастыктаган документтердин маалыматтары, алыш-бериш эсебин номери (эгер бар болсо), негиздөөчүсү / башкаруучусу тууралуу маалыматтар, телефон номери, электрондук почта дареги, ошондой эле Банк-Эмитент тарабынан талап кылынган башка маалыматтар тууралуу маалымат.

Юридикалык жактар: мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн маалыматтары: юридикалык жактын, аталышы, ИНН, юридикалык дареги, ОКПО коду, каттоо номери; жетекчисинин ким экендигин тастыктаган документтердин маалыматтары жана юридикалык жакка карата анын ыйгарым укуктары тастыктаган документ, алыш-бериш эсеби (эгер бар болсо), негиздөөчүсү  тууралуу маалымат, тел номери, электрондук почта дареги, ошондой эле Банк-эмитент тарабынан талап  кылынган башка маалыматтар.

3.2.2. Мобилдик аппараттар жана аны колдонуу тууралуу маалыматтар. Оператор кармоочунун мобильдик аппараты тууралуу төмөнкү маалыматтарды чогултат: модель жана мобилдик аппараттын аты, операциондук система жана версиясы, IMEI коду, телефон номери, IP дареги жана башка.;

3.2.3. Операция тууралуу маалыматтар. Банк – Эмитент карммоочунун электрондук капчыктын негизинде аткарылган операциялары тууралуу ар кандай жеткиликтүү каналдар аркылуу маалымат ала алат ( маалыматтарды кошот, бирок  кармоочу  операцияларды ишке ашыруудагы киргизген маалыматтарды кыскартпайт: операциянын суммасы, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн аты-жөну,  кызмат көрсөтүүчүлөрдүн каттоо эсебинин номери жана башкалар).

3.3. ЭЛСОМ Кызматтарын көрсөтүү үчүн чогултулган жеке маалымат тизмеси тоолук деп саналбайт, Банк- Эмитент тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдардын алайык өзгөртүүгө мүмкүн;

3.4. Жашыруундулук саясаты маалымат булактарынан чогултулган, үчүнчү жактарга таандык болгон, же кармоочу ар кандай байланыш каналдарын пайдаланып, өз алдынча берилүүчү маалыматка тиешелүү болбойт. Үчүнчү жактардын маалымат булактарын жана аларга жеке маалыматтарды өткөрүп берүүгө чейин төмөнкүлөр сунуш кылынат:

3.4.1. Электрондук капчыктын кармоочусу Коопсуздук Эрежелерин жана Элсом капчыгынын жеке маалыматтарын сактоого милдеттүү болот (Коомдук оферта Тиркеме №1);

3.4.2. Электрондук капчыктын кармоочусу үчүнчү жактарга таандык болгон маалымат булактарынын Жашыруундулук саясатын кылдаттык менен окуп чыгууга жана жашыруун маалыматтардын таралышына этият болгула милдеттүү.

 

IV. Жашыруундуулук маалыматтардын чогултуунун, сактоонун, иштеп чугуунун жана жашыруун маалыматты берүүнүн максаты

4.1. Банк – Эмитент төмөнкү максаттарына ылайык жашыруун маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана берүү иш аракетин жүргүзөт:

4.1.1. ЭЛСОМ Кызматтары тууралуу Келишимдин шарттарын ишке ашыруу үчүн;

4.1.2. Банка – Эмитенттин банк кызматтарын сунуштоо, шериктеш Банка – Эмитенттердин жана Банка – Эмитенттин өкүлдөрүн, ошондой эле үчүнчү жактар тарабынан Банка – Эмитентке көрсөтүлгөн банк кызматтарын, жана  Банка – Эмитент үчүнчү жактарга көрсөткөн  банк кызматтарын сунуштоо;

4.1.3. Сунушталган кызматтардын жана төйлөнүн сапатын жакшыртуу;

4.1.4. Кармоочулардын конкурстарга, акцияларга жана кампаниях Банка – Эмитенттин жарнама кампанияларына катышуусу, ошондой эле социалдык тармактарга катышуусу;

4.1.5. Кармоочулардын муктаждыктарын, каалоолорун жана кызыкчылыктарын аныктоо жана болжолдоо, арзандатуулар менен камсыз кылуу, товарлар менен кызматтардын алдыга жылдыруу максатында акцияларды жүргүзүү, Банк – Эмитентти, өнөктөштөрдү жана башка иш-чараларды мобильдик приложения аркылуу жарнамалоо, Банк-эмитент өзү аныктаган интернет ресурстары, SMS билдирүүлөрү, PUSH билдирүүсү, электрондук почта, телефон, почта жана башка жеткиликтүү ыкмалар аркылуу жарнаманы ишке ашыруу.

4.1.6. Жаңы продуктыларды жана кызматтарды иштеп чыгуу, сунушталган кызматтардын шарттарынын өзгөрүүлөрү, алардын тартиби жана тейлөөсү тууралуу кармоочуларга маалымат берүү.

4.1.7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайк мыйзамсыз түрдөө табылган акчалардын изин жашыруу операциярын, терроризмди жана экстримизмды каржылоо, жана башка мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу;

4.1.8. Кармоочулардын Элсом кызматтары менен байланыштуу жана Банка – Эмитенттин банк кызматтары менен байланыштуу болгон алдамчылык иш аракеттеринен максималдуу түрдө коргоо ;

4.1.9. Ички жана сырткы колдонуучуларга отчет сунуштоо;

4.1.10. Дебитордук карыздарды төлөтүп алуу;

4.1.11. Банк – Эмитент жана үчүнчү жактардын, Кыргыз Республикасынын мыйзамын негизинде бекитилген, укуктарын коргоо, ошондой эле милдеттерин ишке ашыруу.

 

V. Электрондук капчыктын кармоочусунун укуктары

5.1. Электрондук капчыктын кармоочусу төмөнкү укуктарга ээ:

5.1.1. Маалыматтарды өзгөртүү. Кармоочунун жеткиликтүү болгон жеке маалыматтары, кармоочунун арызынын алкагында, ошондой эле ошол маалыматтардын өзгөрүүлөрүлүшүн тастыктаган документтери берилгенден кийин, Банка – Эмитенттин процедуралары жана талаптарына ылайк иш жүзүнө ашырылат.

5.1.2. Жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана берүү үчүн макулдук алуу. Кармоочу Банка-Эмитенттин бөлүмдөрүнө арыз жазуу аркылуу макулдугунан баш тартуу укгуна ээ. Бирок айтып кетүүчү нерсе, Банк–Эмитент тарабынан ЭЛСОМ кызматтарын  көрсөтүү үчүн жеке маалыматтары болуушу зарыл. Макулдугунан баш тартуу Банк–Эмитенттин жана анын өнөктөштөрүнүн көрсөтүлгөн кызматтарынын токтотуусун себепкери болот;

5.1.3. Электрондук капчык тууралуу маалымат алуу. Кармоочу (тастыктоо процедурасын өткөн) Банк-Эмитент ээ болгон  маалыматтарды жана өзүнүн электорондук капчыгы аркылуу  аткарган операциялар тууралуу маалыматтарды алууга укукту.  Кармоочу, Банк-Эмитенттин процедураларына жана талаптарына ылайык Банк-Эмитенттин бөлүмүнө кайруулуу аркылуу өз укуктарын иш жүзүгө ашыра алат;

5.1.4. Даттануулар жана сунуштар. Кармоочу даттануу менен кайрылууга жана жеке маалыматтарды чогултуу тартиби, сактоо, иштеп чыгуу жана өткөрүп берүү тууралуу сунуш берүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Банк – Эмитент мүмкүн болушунча тезирээк бул сурамдарга жооп тартуулайт.

 

VI. Жеке маалыматтарды сактоо мөөнөтү

6.1. Кармоочулардын жеке маалыматтары Банк-Эмитент тарабынан маалыматты чогултуу, сактоо, кайра иштетүү, өткөрүп берүү максаттарын ишке ашырууга талап кылынган, Келишимдин сактоо мөөнөтү эске алынган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынган убакытка чейин сакталат.

 

VII. Банк-Эмитент тарабынан жашыруундулук маалыматтарды коргоо үчүн кабыл алынган иш-чаралар

7.1. Банк – Эмитент жашыруундулук маалыматтарды жеткиликтүү кылуу үчүн төмөнкү негизги принциптерди колдонот:

7.1.1. “Кардарды танып билүү”;

7.1.2. “Кызматкерди танып билүү”;

7.1.3. “Билишибиз зарыл”;

7.1.4. “Эки тараптуу башкаруу”

7.2. Банк – Эмитент жашыруун маалыматарынын өмүр өткүчөктү бардык баскычтарында уруксатсыз же капысынан жеткиликтүүлүктүү болуудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, бөгөт коюудан, көчүрүп алуудан, таралуудан, жана башка мыйзамсыз иш-аракеттеринен коргоо үчүн уюштуруучу жана техникалык иш-чараларды киргизип ар дайым жакшыртып турат;

7.3. Банк- Эмитентин кызматкерлери же башка жооптуу адамдардын тарабынан жашыруун маалыматтардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жоопкерчиликти саясатында, кызматтык нускалардын жоболорунда, тиешелүү келишимдерде белгилеп, жана жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарбоо боюнча келишимди кабыл алууда жоопкерчилигин аныктоо аркылуу ишке ашат. Жашыруун маалыматты таратуу жана ачыкка чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары негизинде жоопко тартылат.

 

VIII. Жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүү

8.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, үчүнчү жактарга маалымат өткөрүп берүү банк-эмитент тарабынан жөнгө салынат.

8.2. Жеке маалыматтарды өнөктөштөргө берүү мыйзамдуу принцитерге  жана берилип жаткан маалыматтардын жашырындуулугуна негизделинет. Ар бир өнөктөш менен кармоочулардын жашыруун маалыматтарын жана башка жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарбоо шарттары орун алган келишип түзүлөт. Өнөктөшү менен келишим түзүүдө кармоочулардын макулдугусуз жеке маалыматтарын жайылышын алдын алуу  талабы карлып, же башка укуктук негиздер бар болгон учурда талап кылынат.

#