Көп берилүүчү суроолор

Тиркемени жаңыртуу үчүн AppStore/Play Market кирип, издөө тутумуна ЭЛСОМ 2.0 терип жана жаңыртуу керек.

Тиркемени ийгиликтүү жаңырткандан кийин, катталуу үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:

1. Капчыктын номерин киргизүү
2. Колдонуудагы ПИН кодду киргизүү
3. SMS аркылуу жөнөтүлгөн бир жолку сыр сөздү (OTP) киргизүү

4. Жаңы ПИН кодду киргизүү жана ырастоо

5. Жаңы сыр сөздү киргизүү жана ырастоо

6. Жашыруун суроону жана жоопту орнотуу

Эгер ЭЛСОМдун Агенти болсоңуз жана “ЭЛСОМ Агент” тиркемеси бар болсо, жаңыртуу үчүн колдонуудагы тиркемени өчүрүп, Play Market / AppStore “ЭЛСОМ 2.0” жаңы Элсом тиркемесин жүктөө керек. Кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн тиркеме iOS базасында жеткиликтүү болду.

Эгер сыр сөздү унутуп койсоңуз мобилдик тиркемедеги же ЭЛСОМ жеке кабинетиндеги “Сыр сөздү унутуп калдыңызбы?” баскычын басуу керек. Жооп катары бир жолку сыр сөз менен СМС билдирүү келет. Бир жолку сыр сөздү киргизип, андан кийин өзүңүз ойлоп тапкан жаңы сыр сөздү териңиз жана аны ырастаңыз.

Эгер ПИНди унутуп койсоңуз мобилдик тиркемедеги же ЭЛСОМ жеке кабинетиндеги “ПИНди унутуп калдыңызбы?” баскычын басуу керек, андан кийин каттоодо/системага алгачкы кирүүдө тандалган жашыруун суроону тандап жана анын жообун көрсөтүү зарыл.

Жашыруун суроо жана жооп ПИН-кодду унутуп калсаңыз,  аны баштаппы абалга келтүрүү үчүн керек. Ошондой эле капчыкты көптөн бери колдоно элек болсоңуз, аны активдештирүү үчүн Сизге жашыруун суроо керек болот.

Эгер Жашыруун суроо жана/же жоопту унутуп койсоңуз, KICB жакынкы бөлүмүнө кайрылып,  берилмелерди толугу менен баштапкы абалга келтирүү жөнүндө  арыз жазышыңыз керек.

Тиркемени ийгиликтүү жүктөп / жаңыртып алгандан кийин, катталуу үчүн төмөнкүлөр керек:

1. Капчыктын номерин киргизүү

2. Андан кийин номериңизге СМС-билдирүү менен келген бир жолку сыр сөздү киргизүү

3. Ырастоодон кийин, ПИН кодду киргизип, ырастоо зарыл

4. Сыр сөздү ойлоп табуу жана ырастоо

5. Жашыруун суроону жана жоопту орнотуу ( эгер пин-кодду унутуп койсоңуз, жашыруун суроо аркылуу капчыкка кирүү  мүмкүндүгүн  калыбына келтире аласыз)

Даяр болду! Алыскы идентификацияны өткөрүү керек.

Алыстан идентификациялоону  Банктын кеңсесине келбестен өтсө  мүмкүн. Бул үчүн төмөнкүлөр керек:

1. Мобилдик тиркемеден “Идентификация” бөлүмүнө өтүү

2. ИНН жана паспорттун номерин киргизүү

3. Паспортту эки тарабын тең  тиркеп, паспорт менен сүрөткө түшүү

4. Жеке маалыматтарды  киргизүү

5. Ырастоо

Өтүнмө берилгенден жана ийгиликтүү иштетилгенден кийин, Сиз өтүнмөнүн абалы жөнүндө жооп менен билдирүү аласыз.

1. Жаңыртуудан кийин ЭЛСОМ тиркемеси ЭЛСОМ электрондук капчыктын бардык ээлери үчүн бирдей болуп калды.

2. Приложениеде автотөлөмдөр пайда болду.

3. Ал эми азыр ЭЛСОМ приложениесине өз алдынча картаны байлоо мүмкүн болду

4. Контактсыз төлөмдөр пайда болду,  KICBнин пос-терминалдарында ЭЛСОМ тиркемеси аркылуу төлөм өткөрүү мүмкүн болду.

5. “ЭЛСОМ Копилка” Лоялдуулук программасы жаңыртылды: кардардын каалоосу боюнча өз алдынча ачуу жана жабуу мүмкүн болду.

6.  Банктын кассасында акча каражаттарды нак акчалай алуу  тезирээк жана ыңгайлуураак болуп калды, кассирдин коддун көрсөтүүнүн кажети жок . Накталай  алына турган каражаттардын суммасын көрсөтүү, каражаттарды  накталай ала турган банктын аталышын тандоо, нак акчалай алуу үчүн кассирге бериле турган  бир жолку кодду жаратуу жетиштүү.

Тарых мобилдик тиркеменин негизги менюсунда “Тарых” деген кошумча баракта же ЭЛСОМдун жеке кабинеттинде www.elsom.kg  “Транзакциялар” бөлүмүндө жеткиликтүү болот.

Төлөмдөрдүн жаңыртылган тарыхы ыңгайлуу фильтрлерди  колдонуу менен белгилүү бир мезгилде (1 жылга чейин) аткарылган бардык операцияларды карап чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

ЭЛСОМ элетрондук капчыкты төмөнкү бир нече жолдордун бири менен толуктасаңыз болот:

1. KICB төлөм терминалдары жана башка өнөктөштөр,

2. KICBнин  Интернет-банкинги,

3. KICB банктын өнөктөштөр тармагы, байланган эсептер, банктык карталар, башка электрондук капчыктан которуу

4. Башка электрондук капчыктар

ЭЛСОМ электрондук капчыгынан акча каражаттарды бир нече клик аркылуу нак акчалай алса болот:

  • акча каражаты эсептөө эсебиңизге же картаңызга которуу менен, анда кийин каражаттарды KICB банкоматтарынын кеңири тармагында, Достук жана Өнөктөштүк Тармагынын банкоматтарында (“Дос-Кредобанк” ААК, “Кыргыз-Швейцария банкы” ЖАК, “Финанс Кредит Банкы” ААК, “Азия Банкы” ЖАК, “Айыл Банк” ААК, “Капитал Банк” ААК жана “Бакай Банк” ААК) нак акчалай алса болот.
  • KICB банкынын филиалдары жана агенттери аркылуу.

ЭЛСОМ Копилканы өз алдынча мобилдик тиркемедеги менюдан “Депозиттер” пунктту тандоо же капчыктын балансы бөлүмүн солго жылдыруу, же веб интерфейс аркылуу  туташтыруу мүмкүн.

Ошондой эле, ЭЛСОМ Копилканы Банктын бөлүмдөрүндө ачсаңыз болот. Эгер Сиз идентификацияны Банктын бөлүмүнөн паспортуңуз менен өтсөңүз автоматтуу турдө ЭЛСОМ Копилка бонустук программанын катышуучусу болосуз!

Капчыктын балансындагы суммадан жылына 10% чейин алыңыз. Бул үчүн:

1. Банк бөлүмүнөн идентификациядан өтүңүз (отчеттук айдын 1-күнүндө)

2. Айдын 1-күнүнөн тартып аягына чейин балансыңызда кеминде 200 сом бар болуш керек.

3. Бонус отчеттук айда болгон минималдуу суммага чегерилет (баланста кеминде 200 сом болушу керек).

4. Бонустар чегерилген учурда (ар бир айдын 5 жана 8) капчыгыңыз активдүү болушу керек.

NFC төлөмүн өткөрүү үчүн, телефонуңузду KICBнин  POS-терминалына тийгизүү зарыл, төлөмдү тиркемеде ырастоо үчүн ПИН -кодду киргизишиңиз керек.

Ооба, аты-жөнү жана ИНН бирдей болгон  5 электрондук капчыкка чейин каттасаңыз болот

#