20.04.2022

Шылуундардан сак болуңуздар!

Урматтуу кардарлар!

Фишинг сайттары жана телефон чалуулар аркылуу алдамчылык учурлары көбөйүп кетти.

CDEK жана Lalafo.kg сыяктуу сайттардын колдонуучулары фишингге дуушар болушу керек.

Фишинг – интернет аркылуу алдоонун бир түрү, анын максаты – колдонуучулардын маалыматына – логиндерге жана сыр сөздөргө ээ болуу.

  • Алдамчылар өзүн сатуучу же сатып алуучу катары көрсөтүп, колдонуучуга фишинг-сайтты ачуучу шилтемени жиберет, ал сыртынан оригинал сайттан айырмаланбашы мүмкүн;
  • Жасалма сайтта колдонуучуга ЭЛСОМ электрондук капчыгынын маалыматтарын жазуу сунушталат (логин, сыр сөз, SMS аркылуу келген сыр сөз);
  • Маалыматтарды жазгандан кийин капчыктан каражаттар алынат.

Шилтеме аркылуу өтүүдө сайттын дарегин кылдаттык менен текшерүүңүздү өтүнөбүз!

Сайттарда өзүңүздүн маалыматтарыңызды жазбаңыз, үчүнчү жактарга ЖИН, сыр сөздөрдү жана бир жолку коддорду айтпаңыз.

Күмөндүү учурлар пайда болсо төмөнкү номерлер боюнча кайрылыңыз:

0312 986 000, 0556 986 000             

#