Товарлар жана кызматтар үчүн акыны бир тийүү менен төлөңүз

Бул кызматтын артыкчылыгы эмнеде?

ЭЛСОМ электрондук капчыктын ээлери үчүн сатып алынган товарларга жана кызматтарга электрондук капчык аркылуу төлөө жагымдуу төлөм ыкмасы болуп саналат.

Кошумча артыкчылыктарды эске албасак, капчыктын жардамы менен төлөө нак акчалай каражаттар менен төлөө сыяктуу ылдам жана оңой:

  • Төлөмдөрдүн сатып алуу суммасына заматта чегерилиши, акчанын кайтарып берүүсүн күтүп убакыт кетирбейбиз;
  • Жеке ПИН-код менен корголгон, ишенимдүү жана коопсуз төлөмдөр, акча каражатыңыздын сакталышы жөнүндө тынчсызданбоого мүмкүнчүлүгүнүн берет.
  • Төлөм катары ЭЛСОМду кабыл алган соода түйүндөрүнүн тармагы.   
  • ЭЛСОМ аркылуу төлөөдө товарларга жана кызматтарга арзандатуулар.

Бул үчүн Сатуучунун кодун, сатып алуунун суммасын жана төлөмдү ырастоо үчүн ПИН кодду киргизүү керек.

Соода жана тейлөө ишканалары (СТИ) үчүн ЭЛСОМ бул максаттуу аудиторияны кеңейтүүчү жана кардарларына ыңгайлуу төлөм ыкмаларын сунуш кылган ыңгайлуу жана ишенимдүү төлөм чечими.

Мындан тышкары соода жана тейлөө ишканаларын накталай акчанын инкассациясы менен байланышкан тобокелдиктер жана чыгымдар азайтылат.

Товарларды жана кызматтарды кантип сатып алат?

  1. Соода түйүнүнүн кассири в POS-терминалдан ТӨЛӨМдү (төлөмдү) тандайт.
  2. Кассир “ЭЛЕКТРОНДУК КАПЧЫКты” тандап, андан кийин төлөм менюсунда “ТӨЛӨМдү” тандайт.
  3. Кассир сатып алынган товарлар/кызматтар үчүн төлөм суммасын киргизет.
  4. Кассир POS-терминалдагы баскычты басуу аркылуу сумманы ырастайт.
  5. Кардар ЭЛСОМ мобилдик тиркемени ачат (NFC иштетилген Android түзмөктөрүндө гана иштейт)
  6. Кардар POS-терминалдын* NFC окуу жабдыгына смартфонун тийгизет.
  7.  POS төлөмдүн суммасын жана POS-терминалында туураланган босоголук сумманы текшерет. Эгер  иш жүзүндөгү сумма бул босоголук суммадан ашып кетсе, POS  экранына кардардын ЭЛСОМ капчыгынын ПИН кодун кошумча киргизүүнү талап кылат.
  8. POS транзакция тууралуу тагырак маалымат менен квитанцияны чыгарат: кэшбэк, арзандатуу ж.б.

*Эскертүү: смартфон менен POS-терминалга тийүү  кардар тарабынан төлөмдүн тастыкталышын билдирет.

  1. Кардар ЭЛСОМ тиркемесине же жеке кабинетине кирип, негизги менюсунан “ТОВАРЛАРДЫ ЖАНА КЫЗМАТТАРДЫ САТЫП АЛУУ” пунктун тандоо зарыл. Тутум Сатуучунун кодун талап кылат (5-орундуу сан), чекене түйүндүрүндө кассанын жанында көрүнүктү жерлерде жайгашкан болот (же соода түйүнүн ээсинен/реализаторунан сураш керек). Ошондой эле кардарга соода түйүнүн тизмеден аталышы боюнча издөө жеткиликтүү болот.
  2. Кардар ЭЛСОМ тиркемесинде же жеке кабинетинде төлөм суммасын киргизип, төлөмдү ырастайт. Тутум босоголук сумманы текшерет. Эгер иш жүзүндөгү сумма, капчык ээси тарабынан ЭЛСОМ тиркемесинин же жеке кабинетинин   ырастоолорунда  орнотулган босоголук суммадан ашып кетсе, тутум төлөмдү тастыктоо үчүн ПИН кодду кошумча киргизүүнү талап кылат.
  3. Даяр болду! Кардар транзакцияны аткарылышы тууралуу кабарлама алат. Ошондой эле транзакция ЭЛСОМ мобилдик приложениенин жана жеке кабинетинин төлөм тарыхчасында жеткиликтүү.
  1. Кардар интернет дукөндүн веб сайтындан товарларды жана кызматтарды тандагандан кийин төлөм ыкмасы катары-ЭЛСОМду тандайт.
  2. Төлөмдү ырастоо үчүн транзакциянын толук маалыматы менен  ЭЛСОМдун корголгон веб баракчасы ачылат;
  3. Кардар капчыктын номерин, СМС аркылуу жөнөтүлгөн  бир жолку паролду жана ЭЛСОМ капчыгынын ПИН-коддун киргизип, төлөмдү ырастайт;  
  4. Даяр болду! Кардар транзакцияны аткаруу тууралуу кабарлама алат. Ошондой эле транзакция ЭЛСОМ мобилдик приложениенин жана жеке кабинетинин төлөм тарыхчасында жеткиликтүү.
  5.  
  1. Кардар ЭЛСОМ тиркемесине кирип, негизги менюсунан “ТОВАРЛАРДЫ ЖАНА КЫЗМАТТАРДЫ САТЫП АЛУУ” пунктун тандоо зарыл. “QR код скандоону” тандап QR кодду скандаңыз, ал стикер түрүндө кассанын жанында көрүнүктүү жерде жайгашкан (керек болсо, соода түйүнүн ээсинен/реализаторунан сураңыз);
  2. Тиркеме Сатуучунун кодун талап кылат (5-орундуу сан), чекене түйүндүрүнүн  кассанын жанында көрүнүктү жерлерде жайгашкан болот (же соода түйүнүн ээсинен/реализаторунан сураш   керек). Ошондой эле кардарга соода түйүнүн тизмеден аталышы боюнча издөө жеткиликтүү болот. Кардар ЭЛСОМ тиркемесинде же жеке кабинетинде төлөм суммасын киргизип, төлөмдү ырастайт. Тутум босоголук сумманы текшерет. Эгер  иш жүзүндөгү сумма, капчык ээси тарабынан ЭЛСОМ тиркемесинин же жеке кабинетинин   ырастоолорунда  орнотулган босоголук суммадан ашып кетсе, тиркеме төлөмдү тастыктоо үчүн ПИН кодду кошумча киргизүүнү талап кылат;
  3. Даяр болду! Кардар транзакцияны аткаруу тууралуу кабарлама алат. Ошондой эле транзакция ЭЛСОМ мобилдик тиркеменин жана жеке кабинетинин төлөм тарыхчасында жеткиликтүү

Көп берилүүчү суроолор

Контактсыз төлөм  NFC  төлөм иштетилген ОС Андроид менен бардык телефондордо жеткиликтүү

Азыркы учурда контактсыз төлөм  бир гана ОС Андроид менен телефондорунда жеткиликтүү

1) Контактсыз төлөмдү тууралоо үчүн смартфонуңуздун Ырастоосуна өтүңүз жана NFC ырастоолорун табыңыз, “Контактсыз төлөм” бөлүмүн тандаңыз,

“Демейки төлөм” пунктунда “ЭЛСОМ” тиркемесин тандаңыз.

2) Ошондой эле контактсыз төлөмдү “ЭЛСОМ” тиркемеси аркылуу активдештире аласыз, капчыктын ырастоолоруна кирип, “Контактсыз төлөмдү” басып.

#