Кабарламалар

Кабарламалар

ЭЛСОМ ​​электрондук капчыгынын бардык колдонуучулары транзакциялар жөнүндө кабарламаларды SMS билдирүүлөр, ПУШ кабарламалары жана электрондук почта аркылуу ала алышат. Билдирүү кызматы таптакыр акысыз көрсөтүлөт жана ЭЛСОМ электрондук капчыгынын бардык колдонуучулары үчүн демейки шартта жеткиликтүү.

Е-mail жана ПУШ маалымдоо электрондук капчык аркылуу акча каражаттарынын кыймылын көзөмөлдөөгө жардам берет. Ар бир операциядан кийин колдонуучу бардык керектүү маалыматтарды камтыган катты / ПУШ кабарламаны алат. Кабарламаларды алуу үчүн, мобилдик тиркемеде жана ЭЛСОМ жеке кабинетинде, өзүнчө туташтырууну талап кылбаган, “келген билдирүүлөрдүн кутусун” колдонсоңуз болот.

Электрондук почта аркылуу кабарламаларды алууну туташтыруу үчүн эмне кылышым керек?

  1. ЭЛСОМ мобилдик тиркемесинин орнотууларына “Орнотуулар” бөлүмүнөн өтүңүз;
  2. “Почтаны кошуу / өзгөртүү” тандаңыз;
  3. Учурдагы жана колдонуудагы почтаңызди көрсөтүп, “Сактоо” баскычын басыңыз
  4. Даяр болду! Эми Сиз электрондук почтаңызга операциялар, жаңылыктар жана жарнамалар жөнүндө кабарламаларды ала аласыз.
#