ЭЛСОМ агенттери аркылуу нак акчалай алуу

ЭЛСОМ ​​капчыгынан акча каражаттарды ЭЛСОМ ыйгарым укуктуу агенттеринин тармагынан: коммерциялык банктардан, микрофинансылык компаниялардан ж.б.  алыңыз.

Нак акчалай алуу үчүн  комиссия нак акчалай алуу суммасынан  1% түзөт.

Акча каражаттарды капчыктан кантип нак акчалай ала алабыз?

  1. Мобилдик тиркеменин негизги менюсунан “Нак акчалай алуу”=> “Агент аркылуу” тандаңыз;
  2. Агенттин кодун (тейлөө аймагында, көрүнүктүү жерде стикер түрүндө жайгашкан ) жана сумманы белгилеңиз;
  3. Транзакциянын берилмелерин текшериңиз жана ырастаңыз;
  4. Тиркеме бир жолку нак акчалай алуу кодун берет, ушул кодду агантке берүү зарыл;
  5. Агент ушул кодду киргизет, эгер берилмелер туура болсо, акча каражаттар электрондук капчыгыңыздан алынат.

Көп берилүүчү суроолор

ЭЛСОМ электрондук капчыгынан акча каражаттарды нак акчалай алуу үчүн керек болгон, сандардын туш келди айкалышын камтыган бир жолку код

Нак акчалай алуунун жаңы тартиби көбүрөөк ыңгайлуулук жана коопсуздук үчүн иштелип чыккан. Нак акчалай алуу коду туура көрсөтүлгөндүгү  кассир тарабынан ырасталгандан кийин гана капчыгыңыздан акча каражаттар алынат.

Жаңы нак акчалай алуу кодун кайрадан алсаңыз болот-бул эч нерсеге таасир этпейт. Кассир ырастагандан кийин гана акча каражаттар капчыңыздан алынат.

Комиссия электрондук капчыгынын ээсинен акча каражаттарды нак акчалай алууда автоматтуу түрдө алынат. Нак акчалай алуу үчүн комиссияны эсептөө жана алуу автоматтуу түрдө аткарылат.

#