ЭЛСОМ ЭЛЕКТРОНДУК КАПЧЫГЫНЫН КЫЗМАТТАРЫН ТАРТУУЛОО ҮЧҮН ТҮЗҮЛГӨН КЕЛИШИМДИН КООМДУК ОФЕРТАСЫ

Ушул Айкын оферта Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 398-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык «Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» жабык акционердик коомунун (мындан ары – Эмитент-Банк) ушул Айкын офертада көрсөтүлгөн тартипте жана шарттарда пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жабдуулар аркылуу электрондук акчаны, банктык карттарды жана/же банктык эсептерди пайдалануу менен ЭЛСОМ электрондук капчыктын кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимди (мындан ары «Келишим», Келишимдин шарттары ушул Офертада жайгаштырылган) түзүүгө расмий айкын сунушу болуп саналат. Айкын оферта жеке жактарга даректелген жана ушул Офертада каралган жана кандайдыр бир алып салууларсыз же чектөөлөрсүз Келишимдин бардык шарттарын кайтарымсыз кабыл алууну билдирген иш-аракеттерди аткарган учурдан тартып күчүнө кирет жана төмөндөгү учурларда эки тараптуу жазуу жүзүндөгү Келишимди түзүүгө барабар болот:
• Мобилдик тиркеме, веб сайт же башка тутумдар (Эмитент-Банктын атынан кызмат көрсөтүүгө юридикалык авторизацияланган) аркылуу каттоо формасын толтуруу, Келишимдин шарттары менен таанышуу, каттоо формасынын тиешелүү тилкесинде аны менен макулдук жөнүндө белги коюу;
• Мобилдик тиркеме жана башка пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган каналдар, жабдуулар/аппараттык каражаттар аркылуу финансылык же финансылык эмес операцияларды аткаруунун алдында төлөм же башка баракчанын интерфейсинде «Ырастоо» баскычын (тигил же бул операцияны жүргүзүү ниетин билдирген башка баскычты) баскан учурдан тартып;
• Кардардын Эмитент-Банктын бөлүмдөрүндө Электрондук капчыкты каттоо жол-жобосунан өтүүсү.
Кардардын аралык режиминде каттоо жол-жобосунан өтүүсү.
Кардар ушул Айкын офертада берилген шарттарда Келишим түзүү менен, төмөндөгүлөрдү ырастайт:
• Келишимдин шарттары менен таанышты, алар менен толук макул жана аларды сактоого милдеттенет;
• Аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген эмес, камкорчулук, көзөмөлчүлүк, ошондой эле патронаж алдында турбайт, ден соолугунун абалы боюнча өз укуктарын өз алдынча ишке ашырып жана коргой адат жана милдеттерди аткара алат, түзүлгөн Келишимдин маңызын жана аны түзүү жагдайларын түшүнүүгө тоскоол болгон оорулардан жабыркабайт;
• ЭЛСОМ электрондук капчыгынын кызматтарын пайдалануу ишкердик/коммерциялык ишти жүргүзүү менен байланыштуу эмес.

Айкын офертанын шарттары https://www.elsom.kg Интернет тармагындагы Эмитент-Банктын расмий веб сайтында (мындан ары текст боюнча «веб сайт») жана ЭЛСОМ мобилдик тиркемесинде таанышуу үчүн жеткиликтүү.

I. Терминдер жана аныктамалар

1.1. Авторизациялоо – Электрондук капчык ээсине анын Электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө жана Электрондук капчык аркылуу транзакцияларды жүргүзүүгө укукту берүү процесси.
1.2. Электрондук акча агенти (дистрибьютору) – электрондук акчаны нак же нак эмес акча каражаттарына тындырууну (алмашууну) жүргүзгөн, Эмитент-Банк менен түзүлгөн Агенттик келишимдин шарттарына ылайык электрондук акчаны жайылткан юридикалык жак же жеке ишкер, резидент.
1.3. Агенттик тармак – Эмитент-Банктын Агенттеринин жыйындысы.
1.4. Электрондук акча акцептанты (ТСП) – агент же электрондук акча чыгарган эмитент-коммерциялык банк менен түзүлгөн келишимге ылайык, электрондук акча менен операциялар ишке ашырылгандыгын тастыктаган документтерди түзүү менен товарлар же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акчаны кабыл алган юридикалык жак же жеке ишкер.
1.5. Эмитент-Банк – «Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» жабык акционердик коому, электрондук акчаны чыгарууну жүзөгө ашырган, электрондук акчаны чыгарууга Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон жана электрондук акчаны нак акчага айландырууга сунуштаган ээлик кылуучуларга электрондук акчаны тындыруу боюнча шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенмени өзүнө алган коммерциялык банк.
1.6. Электрондук капчыкты блокировкалоо – электрондук капчык боюнча кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө туруктуу же убактылуу тыюу салуу.
1.7. Электрондук капчык ээси (мындан ары – Ээлик кылуучу жана/же Кардар) –электрондук акчаны пайдалануу менен ЭЛСОМ системасында операция жүргүзүүгө укуктуу жеке жак, Эмитент-Банктын кардары, Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси.
1.8. Идентификацияланган электрондук капчык – бул Ээлик кылуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук идентификациялоо жана верификациялоо процессинен өткөн электрондук капчык.
1.9. Пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган канал – ал аркылуу капчык ээсин түздөн-түз тейлөө жүргүзүлө турган мобилдик тиркеме, веб сайт.
1.10. ЭЛСОМ мобилдик тиркемеси – бул Android OS жана iOS базасында түзүлгөн, Ээлик кылуучуга интернет-кошулуу аркылуу мобилдик түзүлүштө Электрондук капчыкты башкаруу мүмкүнчүлүгүн берген мобилдик тиркеме.
1.11. Мобилдик номер (абоненттик номер, мобилдик телефон номери) – уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүүдө уюлдук байланыш оператору абонентке болүп берген номер.
1.12. Электрондук капчык номери – мобилдик телефон номерине теңештирилген жана электрондук капчыкты каттоодо же же Ээлик кылуучунун демилгеси боюнча аны өзгөртүүдө Ээлик кылуучу тарабынан көрсөтүлгөн, Системадагы Ээлик кылуучунун уникалдуу идентификатору.
1.13. ЭЛСОМ системасынын оператору (Оператор) – «Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» жабык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде аракеттенген жана ЭЛСОМ системасын эксплуатациялоо боюнча, анын ичинде атайын программалык камсыздоону, аппараттык жана тармактык жабдууларды техникалык колдоо, электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү үчүн анын маалыматтар базасында камтылган маалыматты иштеп чыгуу боюнча боюнча ишти жүзөгө ашырган юридикалык жак.
1.14. Эмитент-Банктын бөлүмү – электрондук капчыктын ээсин тейлөө ишке ашырылган, Эмитент-Банктын тейлөө пункттары, кошумча кеңселери, филиалдары жана аманат кассалары.
1.15. Пароль – системага (мобилдик тиркемеге ж.б.) кирүүдө Ээлик кылуучунун өздүгүн жана/же ыйгарым укуктарын ырастоо үчүн арналган символдордун жана белгилердин жашыруун топтому. Пароль Ээлик кылуучунун электрондук капчыгын санкцияланбаган пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн коргоо үчүн колдонулат.
1.16. Өнөктөш – электрондук капчыкты пайдалануу менен кызмат көрсөтүүгө Эмитент-Банк менен келишим түзгөн коммерциялык уюм.
1.17. Которуу (Операция, Төлөм же Транзакция) – Эмитент-Банк тарабынан Алуучунун дарегине банктык эсептен/карттан/ банктык картка/эсепке, электрондук капчыктан/капчыкка же эсеп ачуусуз Төлөөчүнүн Буйруусунун негизинде банк эсебин ачуусуз ишке ашырылган акча каражаттарын нак эмес чегерүү.
1.18. ПИН –код – мобилдик телефон, компьютер жана ЭЛСОМ электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жабдуу аркылуу ЭЛСОМ системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн шарттаган уникалдуу төрт орундуу код.
1.19. Төлөөчү – Алуучунун пайдасына Которууну ишке ашырган юридикалык жак, жеке жак, ошондой эле жеке ишкер (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу резиденттер жана резидент эместер).
1.20. ЭЛСОМ электрондук акчасын айландыруу – Ээлик кылуучу Эмитент-Банкка, Агентке берген электрондук акчаны аларда сакталган электрондук акча калдыгынан ашпаган суммада нак же нак эмес акчага алмаштыруу операциясы.
1.21. Шектүү/күмөндүү операция (бүтүм) – Ээлик кылуучу тарабынан жүргүзүлгөн жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелердин изин жашырууга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык шектүү белгилерге туура келген операция, анын ичинде ачык экономикалык же айкын мыйзамдуу максаттарга ээ болбогон операция.
1.22. Алуучу – анын пайдасына Которуу аткарылып жаткан юридикалык жак, жеке жак, ошондой эле жеке ишкер (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу резиенттер жана резидент эместер).
1.23. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айрым банктык операцияларды (төлөм кызматтары) жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон банктар, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары.
1.24. Операция жүргүзүүгө буйруу – Системага кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган тиешелүү түзүлүштө же кагаз түрүндө түзүлгөн, Эмитент-Банкка Төлөөчү тарабынан берилген жана арызда каралган Операция жүргүзүүгө мүмкүндүк берген бардык маалыматты камтыган Операция жүргүзүүгө Төлөөчүнүн иш-аракети.
1.25. ЭЛСОМ системасында каттоо – жеке жактын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл документтерди милдеттүү түрдө берүү менен Эмитент-Банктын бөлүмүндө же аралык режиминде электрондук капчыкты каттоо жол-жобосунан өтүүсү .
1.26. Бүтүм – юридикалык жана жеке жактардын укуктук мамилелерин орнотууга, өзгөртүүгө же токтотууга багытталган иш-аракет; ал боюнча финансылык инструменттин (акча, банктык документтер, баалуу кагаздар) же менчик укуктарынын бир адамдар башкага өтүүсү.
1.27. ЭЛСОМ электрондук акчасын пайдалануу менен эсептешүүлөр системасы (Электрондук акча системасы, Система) – Эмитент-Банк чыгарган электрондук акчаны жүгүртүүнү камсыздаган, Эмитент-Банктын аппараттык-техникалык каражаттарынын, ченемдик-укуктук актыларынын, эрежелеринин жана жол-жоболорунун жыйындысы.
1.28. Акча которуулар системасы – төлөм системасынын катышуучусу тарабынан бул акча каражаттары адресатка (Алуучуга) төлөнө турган шарт менен калктан акча каражаттарын кабыл алуу боюнча төлөм системасынын түрү. Мындай учурда акча каражаттарын жөнөтүү/ төлөө Алуучунун электрондук капчыгынан/ капчыгына жүргүзүлөт
1.29. Пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жабдуу – ээлик кылуучуга пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган канал аркылуу өз электрондук капчыгынан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган инструмент (персоналдык компьютер, ноутбук, планшет, мобилдик телефон же башка түзүлүш).
1.30. Аралыктан идентификацияланган электрондук капчык – Ээлик кылуучу аралык режиминде электрондук капчыкты каттоодон өткөн электрондук капчык.
1.31. Электрондук кол тамга (ЭК) – башка маалыматка электрондук формада кошулган жана (же) логикалык аны менен байланыштуу болгон жана анын атынан маалыматка кол коюлган адамды аныктоо үчүн колдонулган электрондук формадагы маалымат (коддор, паролдор жана башка идентификаторлор).
1.32. Электрондук акча – программалык-техникалык жабдууда электрондук түрдө сакталган жана акцептанттар уюмунун жана электрондук акча эмитенти-уюмунун товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркы.
1.33. Электрондук капчык – электрондук акчанын суммасы жана анын ээлик кылуучуга таандыгы жөнүндө жазуусу бар программалык камсыздоону же башка программалык-техникалык түзүлүштү түшүндүргөн, электрондук акчаны сактоо жайы.
1.34. QR-код – төлөм дайындарын (маалыматтарын) берүү үчүн штрих-коддун эки ченемдүү символу.

Эгерде ушул Келишимдин текстинде башкача каралбаса, ушул бөлүмдө аныкталбаган түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.

II. Келишимдин предмети

2.1. Ушул Келишим аларды каттоо тартибине жараша ЭЛСОМ электрондук капчыгынын ээлери үчүн кызмат көрсөтүү шарттарын жана тартибин аныктайт;
2.2. Эмитент-Банк кардарга Электрондук капчыкты ачат, электрондук акчанын эмиссиясын ишке ашырат, аларды ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарда жана тартипте Системада пайдаланууну камсыздайт.
2.3. Ээлик кылуучу веб сайтта жана ЭЛСОМ мобилдик тиркемесинде жайгаштырылган «ЭЛСОМ Акча топтогуч» лоялдуулук программасынын шарттарына жана эрежелерине макул болот.
2.4. ЭЛСОМ системасындагы бардык операциялар улуттук валютада – кыргыз сому менен жүргүзүлөт. Мында башка валютада жүргүзүлгөн кызмат көрсөтүү тартиби жана шарттары ушул Келишимдин 3.3.3-п. жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
2.5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу жана ушул Келишим боюнча кызматтарды көрсөтүү максатында ээлик кылуучу Эмитент-Банкка, анын Өнөктөштөрүнө жана үчүнчү жактарга ар кандай маалыматты, анын ичинде купуя жана жеке маалыматты чогултууга, иштеп чыгууга, сактоого жана берүүгө өзүнүн макулдугун берет.
2.6. Эмитент-Банк Ээлик кылуучу берген купуя маалыматтын сакталышын камсыздайт, ага Ээлик кылуучунун жекелештирилген дайындарына тиешелүү ар кандай маалымат, жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен купуя (жашыруун) маалыматка киргизилген ар кандай башка маалыматтар кирет.

III. ЭЛСОМ кызматтарын көрсөтүү тартиби

3.1. Каттоо. Каттоо тартибине жараша Эмитент-Банк аралыктан идентификацияланган жана идентификацияланган электрондук капчык ээлерин айырмалайт.
3.1.1. Каттоо жол-жобосунан өтүү процессинде кардар ал берген бардык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана тактыгын кепилдейт жана Эмитент-Банкка ал берген маалыматтарды ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу, берүү жана алуу укугун берет.
3.1.2. Аралык режиминде электрондук капчыкты каттоодон өтүү үчүн Кардар аткарышы керек:
– тиркемени жүктөп алуу
– телефон номерин киргизүү (электрондук капчыктын)
– УПМРда жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдукту, ошондой эле кардар оферта шарттарын кабыл ала тургандыгы жөнүндө макулдукту берүү.
– эки тарабынан паспорттун (ID карта) фотосүрөтү (сүрөткө тартуу же галереядан тандоо),
– шайкештикке текшерүүдөн өтүү (жандуулук)
– ПИН/Пароль/Жашыруун суроо жана жооп берүү
Аралыктан каттоого билдирме дароо онлайн режиминде каралат, билдирмени КР резиденттери гана бере алышат.

3.1.3. Электрондук капчыкты Эмитент-Банктын бөлүмүндө каттоодон өткөрүү үчүн Кардар кардардын өздүгүн тастыктаган документти жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда Эмитент-Банк сурашы мүмкүн болгон документтерди көрсөтүп, Банктын каалаган бөлүмүндө ЭЛСОМ электрондук капчыгын каттоого арызды толтурушу керек.
3.1.4. Ээлик кылуучу Электрондук капчык системасында ал берген маалыматтарды каалаган учурда тактоого жана оңдоого укуктуу жана берилген маалыматтардагы ар кандай өзгөртүүлөр жөнүндө Эмитент-Банкка кабарлоого милдеттүү.
3.1.5. Эмитент-Банк 14төн 18 жаш курактагы, жашы жете элек Кардардан Электрондук капчыкты каттоодо ЭЛСОМ электрондук капчыгынын кызматтарын пайдаланууга өзүнүн мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугун жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн берүүнү талап кылат. Мындай жазуу жүзүндөгү макулдук өздүгүн күбөлөндүргөн документти жана бул Кардарга карата мыйзамдуу өкүл статусун тастыктаган документтин түп нускасын көрсөтүү менен Эмитент-Банктын бөлүмдөрүнүн биринде кардардын мыйзамдуу өкүлү тарабынан берилиши керек. Документтердин толук пакети берилбеген учурда Эмитент-Банк Электрондук капчыкты каттоодон / тейлөөдөн баш тартууга жана/же Электрондук капчыкты жабууга укуктуу.
3.1.6. Эмитент-Банк төмөндөгү учурларда электрондук капчыкты каттоодо Кардарга баш тартууга укуктуу:
• эгерде кардар Кардарды каттоо жол-жобосунан өтүү үчүн керектүү документтердин/маалыматтардын толук тизмегин бербесе;
• кардарга карата анын террористтик/экстремисттик ишке жана жалпы кыргын салуучу куралды жайылтууга, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышкандыгы тууралуу маалыматтар болгондо.

3.2. Кызмат көрсөтүү. Электрондук капчык боюнча операциялар Операцияга Буйруунун негизинде жүргүзүлөт.
3.2.1. Мындан тышкары төмөндөгү учурларда Электрондук капчык боюнча операциялар Ээлик кылуучунун буйруусу жок Эмитент-Банк тарабынан акцептсиз тартипте жүргүзүлөт:
• Тарифтерге ылайык Ээлик кылуучу төлөй турган Комиссиянын суммасын кармап калуу;
• Электрондук акчанын (алардын бөлүгүнүн) калдыгынын эсебинен өндүрүп алуу жана мыйзамдарда, ошондой эле ушул Келишимде каралган учурларда жана тартипте тиешелүү мамлекеттик органдардын чечимдерин аткаруу максатында;
• төмөндөгү жагдайлардан натыйжасында пайда болгон Ээлик кылуучунун карызынын/операцияларынын суммасын кармап калуу (анын ичинде, бирок чектелбестен):
(1) Ээлик кылуучунун Электрондук капчыгы боюнча жүргүзүлгөн тигил же бул операцияны Төлөөчүнүн/ үчүнчү тараптын талашуусу;
(2) кредит, кредитти пайдаланганы үчүн пайыздар боюнча карыздын суммасы жана кредитке байланыштуу башка сумма (карызды өндүрүп алуу боюнча чыгашалар, үстөк айып (айып, туум), чыгымдар);
(3) техникалык үзгүлтүктүн жыйынтыгында пайда болгон карыздын суммасы;
(4) техникалык чыгашалар;
(5) кызмат көрсөтүү процессинде пайда болгон Эмитент-Банктын айыптары, туумдары же башка чыгашалары;
(6) овердрафт боюнча карыздын суммасы;
• мыйзамдарда, ушул Келишимге каралган башка учурларда.

3.2.2. Электрондук капчык боюнча операциялар төмөндөгү учурларда аткарылбайт (анын ичинде, бирок чектелбестен):
• эгерде Электрондук капчыктагы калдык операция жүргүзүү жана Эмитент-Банктын, Агенттин Тарифтерде каралган комиссиясын төлөө үчүн жетишсиз болсо;
• Ээлик кылуучунун электрондук капчыгын каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чектөөлөргө байланыштуу тигил же бул операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн бербейт;
• ушул келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган операциялар боюнча лимиттен ашып кетүү;
• эгерде төлөм жана/же башка реквизиттерди көрсөтүүдө катага жол берилсе;
• эгерде Ээлик кылуучу тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, электрондук капчыктын транзакциялары боюнча маалыматты белгилөө жана ырастоо үчүн зарыл болгон документтердин (реквизиттердин) толук тизмеги берилбесе;
• эгерде Электрондук капчык тигил же бул себептен улам блокировкаланса;
• Операция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана/же ушул Келишимдин шарттарына карама-каршы келсе.
3.2.3. Ээлик кылуучу тарабынан ПИН же ЭК киргизүү аркылуу түзүлгөн Операцияга буйрууну Тараптар Ээлик кылуучунун операция жүргүзүү ниетин жана жөнөтүлгөн Операцияга Буйруунун аныктыгын ырастоонун талаптагыдай жана жетиштүү ыкмасы деп таанышат.
3.2.4. ПИН өзүнчө же ЭК менен айкалышта Тараптар тарабынан Ээлик кылуучунун өзү койгон кол тамгасынын аналогу деп таанылат. Ээлик кылуучунун ПИН же ЭК колдонуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык өз колу менен койгон кол тамганы пайдаланууга окшош юридикалык кесепеттерди жаратат.
3.3. Жеткиликтүү кызматтар. ЭЛСОМ электрондук капчыгы электрондук акча аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуучу өнөктөштөрдүн товарлары жана кызматтары үчүн төлөө мүмкүнчүлүгүн берет. Төлөө пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган, анын ичинде байланышсыз төлөөнү, киргизилген сатып алууларды, ошондой эле веб сайттарда сатып алууларды кармаган жабдуу аркылуу жүргүзүлөт. Көрсөтүлүүчү кызматтар:
3.3.1. Аралык тартибинде электрондук капчыкты каттоодон өткөн Ээлик кылуучулар үчүн кызматтар:
• Электрондук капчыкты каттоо;
• Электрондук капчыкты толуктоо;
• Электрондук акчаны башка ЭЛСОМ электрондук капчыгына которуу;
• Товарларды жана кызматтарды сатып алуу;
• Бюджеттик уюмдардын пайдасына төлөмдөр;
• Электрондук акчаны айландыруу (акчага айландыруу).
3.3.2. Эмитент-Банктын бөлүмүндө электрондук капчыкты каттоодон өткөн Ээлик кылуучулар үчүн кызматтар. Электрондук капчыкты каттоодон өткөндөн кийин Ээлик кылуучуга ЭЛСОМ кызматтарынын толук тизмеги көрсөтүлөт.
3.3.3. Акча которуулар. ЭЛСОМ электрондук капчыгы ушул Келишимде аныкталган каналдар аркылуу капчыктан/капчыкка, карттан/картка, банктык эсептен/эсепке акча которууларды аткаруу мүмкүнчүлүгүн берет. Акча которуулар улуттук валютада да, ошондой эле кызматтын түрүнө жараша Кызматты сунуштоочунун/Эмитент-Банктын алмашуу курсу боюнча андан ары конвертациялоо менен да ишке ашырылат.
• банктардын кассалары, интернет/ мобилдик банкинг, акча которуулар системасы же башка электрондук капчыктар аркылуу багка валютада жүргүзүлгөн кирген акча которуулар үчүн Эмитент-Банк акча каражаттарын Операцияга Буйрууну алган учурда андан ары которуу суммасын ЭЛСОМ электрондук капчыгына чегерүү менен, Эмитент-Банктын же Кызматты сунуштоочунун коммерциялык курсу боюнча кыргыз сомуна автоматтык түрдө конвертациялоону жүргүзөт.
• кыргыз сомунан башка валютага андан ары конвертациялоо менен чыкеан акча которуулар үчүн алмашуу курсу Операцияны жүргүзүү учурундагы Эмитент-Банктын же Кызматты сунуштоочунун коммерциялык курсуна ылайык колдонулат. Мында Эмитент-Банк Төлөөчүдөн Операцияга Буйрууну алган учурдан тартып акча каражаттарын Алуучунун өздүк эсебине чегерүү учуруна чейин пайда болгон курстук айырма үчүн жоопкерчилик тартпайт.
3.3.4. Финансылык эмес операциялар. ЭЛСОМ системасы электрондук капчыктын кызматтарын пайдалануунун коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздаган стандарттуу финансылык эмес кызматтарды көрсөтөт. Капчыктардын ээлери үчүн жеткиликтүү болгон кызматтардын тизмеси төмөндөгүлөр:
• электрондук капчыктын балансын суроо;
• байланган эсептин/ карттын балансын суроо;
• транзакциялар боюнча көчүрмө, чекти түзүү жана пайдалануу каналдары боюнча жөнөтүү мүмкүнчүлүгү;
• ПИН/ Паролду алмаштыруу;
• жашыруун суроону алмаштыруу;
• паролду баштапкы абалга келтирүү;
• жашыруун суроо аркылуу ПИН кодду баштапкы абалга келтирүү;
• жашыруун суроону өзгөртүү;
• транзакциялык лимитти кошуу жана өзгөртүү;
• электрондук почтаны кошуу жана өзгөртүү;
• тилди өзгөртүү;
• мобилдик тиркемеде Touch ID/Face ID уруксат берүү / өчүрүү;
• СМС, Push, e-mail билдирүүлөрдү жөнөтүү;
• көп берилүүчү суроолор;
• транзакцияларды Тандалмага кошуу;
• жаңылыктарды/акцияларды кароо;
• профилге фото жүктөө;
• Кайра төлөө баскычы аркылуу төлөмдү кайталоо;
• колдоо кызматы;
3.3.5. Банктык карттар жана эсептер. Банктык карттар жана эсептер менен байланыштуу электрондук капчык аркылуу жүргүзүлүүчү бардык операциялар кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу – үчүнчү жактар аркылуу сунушталат, алар менен өз ара мамилелер Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу менен Эмитент-Банктын ортосундагы келишимдин негизинде жөнгө салынат. Эмитент-Банк ЭЛСОМ кызматтарына тиешеси жок үчүнчү жактар аркылуу ишке ашырылган ар кандай операциялар жана алынуучу комиссиялар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
3.3.6. Көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги толук болуп саналбайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, ошондой эле Эмитент-Банк тарабынан чектөөлөргө жараша өзгөртүлүшү жана/же толукталышы мүмкүн.

3.4. Тарифтер жана Лимиттер. Эмитент-Банк банктык эсеп/ карт аркылуу байлоо же төлөө кызматтары үчүн кошумча комиссия албайт. Электрондук капчык, банктык эсептер/ карттар боюнча Тарифтер жана Лимиттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Эмитент-Банк тарабынан белгиленет.
3.4.1. Комиссия Операциянын суммасына карата кошумча алынышы мүмкүн (Операциянын суммасына киргизилбейт жана Операциянын суммасын азайтпайт) же Операциянын суммасынан алынышы мүмкүн. Комиссияны колдонуу ыкмасы кызмат көрсөтүүнүн түрүнөн көз каранды болот.
3.4.2. Агенттик тармактын кызматтарын пайдаланган учурда Ээлик кылуучудан Агент тарабынан белгиленген, анын Тарфитерине ылайык Агенттин комиссиясы кармалат. Ээлик кылуучу Агенттик тармактын Кызматтарын пайдалануудан мурун бул Агенттен комиссиянын суммасына байланыштуу маалыматты өз алдынча тактоого же берүүнү талап кылууга милдеттүү.
3.4.3. Капчык ээси жаңылык Операция жүргүзгөн учурда кызмат көрсөтүлдү деп эсептелет жана комиссиянын суммасы кайтарылбайт.
3.4.4. Эмитент-Банк Электрондук капчыкты пайдаланууга байланыштуу кызматтарга Тарифтерди жана Лимиттерди (чектөөлөрдү) бир тараптуу тартипте белгилөөгө жана/же өзгөртүүгө (көбөйтүүгө, азайтууга) укуктуу. Мындай өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат расмий веб-сайтта же ЭЛСОМ мобилдик тиркемесинде бул өзгөртүүлөр колдонууга киргизилген учурга чейин кеминде 10 (он) календардык күн мурда тиешелүү билдирүүнү жайгаштыруу жолу менен жарыяланат. Ошондой эле Эмитент-Банк бир тараптуу тартипте лимиттерди (чектөөлөрдү) жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле Ээлик кылуучунун ЭЛСОМ системасынын жана Электрондук капчыктын ишиндеги үзгүлтүктөрдү/ санкцияланбаган пайдалануу тобокелдиктерин болтурбоо/азайтуу максатында Ээлик кылуучуга алдын ала билдирүүсүз каалаган убакта Электрондук капчыкты пайдаланууга байланыштуу тейлөөнүн башка шарттарын белгилөөгө жана/же өзгөртүүгө (көбөйтүүгө, азайтууга) укуктуу.
3.4.5. Кардарлардын бардык түрлөрү үчүн Тарифтер жана Лимиттер elsom.kg сайтында көрсөтүлгөн.
3.4.6. Комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык салыктарды жана жыйымдарды камтыйт.
3.5. Коопсуздук. Капчыктын коопсуздугу Эмитент-Банк тарабынан эки факторлуу аутентификациялоонун, транзакциялык лимиттердин, жашыруун суроолордун, маалыматтарды шифрлөөнүн/ криптографиянын заманбап ыкмаларынын жана башка коопсуздук чараларынын эсебинен камсыз кылынат.
3.5.1. Капчык ээси өзүнүн электрондук капчыгынын сакталышы жана өз маалыматтарынын үчүнчү жактар үчүн жеткиликтүү эместиги үчүн жоопкерчилик тартат;
3.5.2. Эмитент-Банк эгерде Электрондук капчыкты пайдалануу менен операциялар тууралуу, Ээлик кылуучунун дайындары жөнүндө маалымат Ээлик кылуучунун күнөөсүнөн, этиятсыздыгынан же ушул Келишимдин «Жеке маалыматтардын коопсуздук жана сактоо эрежелерин» бузуусунан улам башка жактарга белгилүү болуп калса, жоопкерчилик тартпайт.
3.5.3. Коопсуздук максатында Эмитент-Банк Ээлик кылуучуга алдын ала кабарлоосуз бир тараптуу тартипте Электрондук капчыкты блокировкалоого/ пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө жана лимиттерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

3.6. Купуялуулук. Келишимди аткаруу жана Ээлик кылуучунун операцияларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Эмитент-Банк ар кандай ыкма менен ошол Ээлик кылуучунун мамилесине карата маалыматтарды (анын ичинде, бирок чектелбестен, программалык камсыздоонун конфигурациясы жана башка мүнөздөмөлөрү, Ээлик кылуучу тарабынан колдонулуучу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жабдуу жөнүндө маалыматтар) чогултууну, сактоону, иштеп чыгууну, ошондой эле зарыл болгон учурда ушул Келишимдин шарттарына, «ЭЛСОМ электрондук капчыгынын ээлеринин маалыматтарын коргоо жана купуялуулук саясатына» жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул маалыматтарды үчүнчү жактарга берүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу.
3.6.1. Ээлик кылуучу Эмитент-Банкка Ээлик кылуучунун ушул Келишимди түзүүдө же ушул Келишим күчүндө болгон мезгилде жеке өзү же үчүнчү жактар аркылуу берген Ээлик кылуучунун жеке маалыматтарын ар кандай ыкма менен иштеп чыгууга макулдук берет. Көрсөтүлгөн макулдук ушул Келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде жарактуу жана Ээлик кылуучу тарабынан ушул Келишимди бузуу жолу менен VI. «Келишимди өзгөртүү жана бузуу тартиби» бөлүмүндө белгиленген тартипте артка чакыртылып алынышы мүмкүн;

3.7. Тараптардын өз ара аракеттенүү тартиби жана Дооматтык иш.
3.7.1. Эмитент-Банк Ээлик кылуучуга анын операциялары, Келишимдин шарттарындагы (анын ичинде Тарифтер жана Лимиттер) жана ЭЛСОМ кызматтарындагы өзгөрүүлөр жөнүндө төмөндө саналган жолдордун бири менен кабарлайт:
• Маалыматты расмий маалымат булагы жана Ээлик кылуучуга кабарлоонун негизги каражаты болуп саналган elsom.kg веб-сайтына жайгаштыруу аркылуу;
• Мобилдик тиркемеде Push кабарлоолорду жөнөтүү аркылуу
• Ээлик кылуучу арызда көрсөткөн, ошондой эле электрондук капчыктын номери болуп саналган мобилдик номерге СМС жөнөтмө аркылуу;
• Мобилдик тиркемеде Ээлик кылуучу көрсөткөн электрондук дарекке электрондук кат жөнөтүү аркылуу;
• Ээлик кылуучу көрсөткөн дарекке кат жөнөтүү аркылуу;
Ээлик кылуучу берилген байланыш маалыматтарынын актуалдуулугу үчүн жооп берет. Жогоруда саналган иш-аракеттердин бирин жасоо Ээлик кылуучуга тиешелүү билдирүү болуп эсептелет. Эмитент-Банк Ээлик кылуучунун жөнөтүлгөн билдирүүнү алгандыгы же албагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
3.7.2. Ээлик кылуучунун электрондук капчыгы Эмитент-Банк тарабынан төмөндөгү учурларда блокировкаланышы мүмкүн:
• Ээлик кылуучунун демилгеси боюнча;
• Эгерде капчык 180 (жүз сексен) календардык күн ичинде кардардын өз тарабынан демилгеленген финансылык транзакциялардын жоктугунан улам активдүү эмес болуп саналса;
• Өзгөртүлгөн жеке маалыматтарды өз убагында бербеген жана кардардын анкетасын өз убагында толтурбаган/ жаңыртпаган учурда;
• Кардарды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууга чейин;
• Ээлик кылуучунун жана/же үчүнчү жактардын иш-аракеттери жана/же иши боюнча талап кылынган маалыматты аныктоого/тактоого чейин, анын ичинде жаңылыш операцияларды жүргүзүүгө, Банктын кардарларынын санкцияланбаган операциялар (дооматтар) жөнүндө арыздарына же санкцияланбаган операцияларды жүргүзүү жөнүндө Банктын шектенүүсүнө байланыштуу талаштуу кырдаал жаралган учурда;
• Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын демилгеси боюнча, анын ичинде финансылык чалгындоо кызматынын суроо-талабы боюнча, соттун чечими боюнча;
(1) Эгерде бул адамга карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышкандыгы жөнүндө маалымат болсо;
(2) Эгерде бул жак аларга карата террористтик/экстремисттик ишке жана жалпы кыргын салуучу куралды жайылтууга катышкандыгы жөнүндө маалымат бар, жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмегине киргизилсе;
(3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
3.7.3. Кардарлардын бардык даттануулары (дооматтары), сунуштары жана арыздары Эмитент-Банктын ички регламентине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазуу жүзүндө, электрондук же оозеки түрдө Эмитент-Банкка жөнөтүлөт;
3.7.4. Кардарлардын даттанууларын (дооматтарын), сунуштарын жана арыздарын каттоо жана кароо Эмитент-Банк тарабынан Эмитент-Банктын ички регламентинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттө жүзөгө ашырылат;
3.7.5. Анда электрондук капчык колдонулган пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жабдууну жоготкондо же уурдатканда, же электрондук капчыкка санкцияланбаган кирүүгө шектенүүдө, Электрондук капчыктын ээси ушул Келишимде көрсөтүлгөн байланыштар боюнча каалаган жеткиликтүү ыкма (жазуу, электрондук, оозеки түрдө) менен бул факт жөнүндө Эмитент-Банкка дароо билдирүүгө милдеттенет;
3.7.6. ПИНди жоготкондо, Электрондук капчыктын ээси Ээлик кылуучу каттоодо же ПИНди аралыктан баштапкы абалга келтирүү үчүн Системада баштапкы авторизациялоодо көрсөткөн Жашыруун суроону пайдаланууга укуктуу;
3.7.7. Паролду жоготкондо, Электрондук капчыктын ээси мобилдик тиркемедеги «Паролду унуттуңузбу?» функциясын пайдалана алат, ушундан кийин Ээлик кылуучу каттоодо көрсөткөн телефон номерине СМС аркылуу бир жолку паролду алат. Бул пароль убактылуу болуп саналат жана ЭЛСОМ мобилдик тиркемесинде кийинки жолу авторизациялоодо өзгөртүлүшү керек;
3.7.8. Авторизациялоо/ аутентиифкациялоо үчүн керектүү бардык маалыматтарды (ПИН, Пароль, Жашыруун суроо) жоготууда Электрондук капчыктын ээси белгиленген форматта жазуу жүзүндөгү арыз менен Эмитент-Банктын бөлүмүнө кайрылышы керек;
3.7.9. Талаштуу транзакция пайда болгондо Электрондук капчыктын ээси операциянын деталдарын көрсөтүү менен белгиленген форматта жазуу жүзүндөгү арыз менен Эмитент-Банктын Байланыш-борборуна же бөлүмүнө кайрылууга милдеттенет;
3.7.10. Даттануу (доомат) пайда болгондо:
• Арыз ээси ушул Келишимде көрсөтүлгөн байланыштар боюнча Эмитент-Банктын же Байланыш борборунун бөлүмүнө кайрылат;
• Даттануу (доомат) Эмитент-Банк тарабынан катталат жана Эмитент-Банктын регламентинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жана тартипте иштелип чыгат;
• Даттануунун (дооматтын) негиздүүлүгү арыз ээлеринен даттануулардын (дооматтардын) түшүүсүнүн ар бир факты боюнча өткөрүлө турган иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча Эмитент-Банк тарабынан белгиленет;
• Эгерде жүргүзүлгөн ички иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча Эмитент-Банк даттануунун (дооматтын) негиздүүлүгүн тааныса же жарым-жартылай тааныса, анда Эмитент-Банк бул даттанууну (дооматты) толук же жарым-жартылай канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алат. Даттанууну (дооматты) толук канааттандыруу учурунда Эмитент-Банк арыз ээсине дооматты канааттандыруу жөнүндө жоопту жөнөтүүсүз тиешелүү иш-аракеттерди аткарууга укуктуу. Даттанууну (дооматты) жарым-жартылай канааттандыруу же аны канааттандыруудан баш тартуу учурунда Эмитент-Банк Ээлик кылуучуга/ арыз ээсине ушул Келишимде каралган жолдордун бири менен тиешелүү билдирүүнү жөнөтөт;
• Эмитент-Банк арыз ээсине суроо-талап жөнөткөн учурдан тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде сураган документтерди, маалыматтарды, даттануунун (дооматтын) маңызы боюнча маалыматты албаган учурда, арыз ээси бул даттануудан (дооматтан) баш тартты деп эсептелет.

3.7.11. Эмитент-Банк анын катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн бүтүмдүн тарабы болуп саналбайт, ушуга байланыштуу:
• Бүтүмдүн мыйзамдардын талаптарына шайкеш келбестиги үчүн, бүтүмдү түзүүнүн, аткаруунун (талаптагыдай эмес аткаруунун) жана бузуунун кесепеттери үчүн, анын ичинде мындай бүтүм боюнча төлөмдү кайтаруу бөлүгүндө жоопкерчилик тартпайт;
• Бүтүмгө катышкан тараптардын милдеттенмелерди аткарбагандыгына (талаптагыдай эмес аткарууга) тиешелүү дооматтарды карабайт.

3.8. Талаштарды чечүү тартиби.
3.8.1. Тараптар Келишим боюнча жана/же келишимге байланыштуу талаш-тартыштарды жана/же пикир келишпестиктерди 15 (он беш) календардык күндүн ичинде сүйлөшүүлөр же дооматтарды жөнөтүү жолу менен чечүү үчүн бардык чараларды көрүшөт;
3.8.2. Пикир келишпестиктерди сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү мүмкүн болбогондо, муну менен Тараптар ушул Келишимден келип чыккан же ага байланыштуу ар кандай талаш-тартыштар, анын ичинде ушул Келишимди түзүүгө, бузууга, токтотууга, бузууга же жараксыздыгына тиешелүү талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш экендигин макулдашат жана таанышат. Талаш-тартыш каралуучу колдонулуучу материалдык укук болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдары саналат.

IV. Тараптардын укуктары жана милдеттери

4.1. Эмитент-Банк укуктуу:
4.1.1. Ээлик кылуучуну жана ал берген маалыматтарды каалаган ыңгайлуу жол менен текшерүүгө;
4.1.2. Ушул Келишимде каралган учурларда кардарга электрондук капчыкты каттоодон баш тартууга;
4.1.3. Кармоочуга операцияларды жүргүзүүдөн же тигил же бул кызматты көрсөтүүдөн баш тартууга;
4.1.4. Ушул Келишимде каралган учурларда Ээлик кылуучунун электрондук капчыгын блокировкалоого же жабууга;
4.1.5. Ээлик кылуучудан операциялар жөнүндө кошумча маалыматтарды жана документтерди, анын ичинде Электрондук капчыктагы акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын, операцияларды жүргүзүүнүн негиздерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон башка маалыматтарды жана документтерди сурап алууга;
4.1.6. Календардык жыл ичинде финансылык операциялар жок болгон учурда электрондук капчыкты жылдык тейлөө үчүн комиссияны алууга. Комиссиянын өлчөмү Эмитент-Банктын Тарифтерине ылайык белгиленет;
4.1.7. Эмитент-Банктын жана/же өнөктөштөрдүн мүмкүн болуучу арзандатуулары, акциялары жана башка кызматтары жөнүндө маалымдоо максатында электрондук каттарды, Push кабарлоолорду жана жарнамалык мүнөздөгү СМС билдирүүлөрдү жөнөтүүгө;
4.1.8. Эгерде Акцептант же Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу тарабынан мындай кайтаруу мүмкүн болбосо, доомат боюнча сумма толук же жарым-жартылай чыгымдалган учурда жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Келишимдин талаптарынын негизинде же башка негиздер боюнча мүмкүн болбосо, Ээлик кылуучуга доомат боюнча сумманы кайтарып берүүдөн баш тартууга;
4.1.9. Эмитент-Банктын маалыматтар базасынын ишинде үзгүлтүк болгон учурда операциялар боюнча жазууларга оңдоолорду киргизүүгө, ошондой эле Ээлик кылуучу тарабынан жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл иш-аракеттерди жүргүзүүгө;
4.1.10. Ушул Келишимдин алкагында Тараптардын өз ара аракеттенүүсүндө пайдаланылуучу мобилдик тиркемени ж.б., программалык камсыздоону жана/же аппараттык каражаттарды жаңылоого жана/ же модификациялоого;
4.1.11. Олуттуу бузуктар, каталар жана үзгүлтүктөр аныкталган учурда, ошондой эле жаңылоо, профилактикалык иштерди жүргүзүү жана санкцияланбаган кирүү учурларын азайтуу максатында ушул Келишимдин алкагында Тараптардын техникалык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу программалык жана/же аппараттык каражаттардын ишин токтото турууга;
4.1.12. Ээлик кылуучунун Электрондук капчыгы боюнча шектүү/күмөндүү финансылык операцияларды жүргүзүүдө Эмитент-Банк бир тараптуу акцептсиз тартипте зарыл чараларды көрүү, анын ичинде ал боюнча ар кандай шектүү/күмөндүү операцияларды жокко чыгаруу жана Операция боюнча акча каражаттарын баштапкы менчик ээсине кайтарып берүү, капчыкты блокировкалоого жана/же Ээлик кылуучуга жазуу жүзүндө билдирүүсүз Электрондук капчыкты жабуу укугун өзүнө калтырат;
4.1.13. Үчүнчү жактын акча каражаттарын Электрондук капчыкка чегерүү фактысы боюнча талаш кырдаалдар пайда болгон учурда Эмитент-Банк акча каражаттарынын билдирилген суммасын кармап калууга же бардык жагдайлар аныкталганга чейин Алуучунун электрондук капчыгын убактылуу блокировкалоого укуктуу.
4.1.14. Нөлдүк калдык же системанын эрежелери менен белгиленген мезгил (электрондук капчык боюнча акыркы операцияны жүргүзүү күнүнөн тартып 6 (алты) айдан кем эмес) ичинде электрондук капчык боюнча операциялар жок болгон учурда электрондук капчыктын ээсине анын жашаган жерине кат/же электрондук дарегине электрондук кат жөнөтүү аркылуу электрондук капчыкты жабууга чейин 30 (отуз) календардык күн мурда кабарлап, электрондук капчыкты бир тараптуу тартипте жабууга жана мурда талап кылынбаган электрондук акчанын калдыгынын суммасын (болгондо) атайын эсепке которууга.
4.2. Ээлик кылуучу укуктуу:
4.2.1. Электрондук капчыкты пайдалануу менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө билдирүүлөрдү, маалыматтарды, көчүрмөлөрдү ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте алууга;
4.2.2. Эмитент-Банкка сунуштарды, арыздарды, даттанууларды (дооматтарды) жана башка арыздарды ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жөнөтүүгө;
4.2.3. Ушул Келишимде белгиленген шарттарда жана тартипте ушул Келишимди бир тараптуу тартипте бузууга.
4.2.4. түзүлгөн келишим боюнча түшүндүрмө алууга
4.2.5. келишимдин/тейлөөнүн тилин тандоого
4.2.6. сапаттуу тейлөө алууга

4.3. Эмитент-Банк милдеттүү:
4.3.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында Келишим боюнча бардык талаптарды жана милдеттерди аткарууга жана сактоого.
4.3.2. Электрондук капчыктын ээсине ушул Келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө бардык өзгөртүүлөр жөнүндө кабарлоого.
4.3.3. Ээлик кылуучуга ушул Келишимге (анын ичинде Тарифтерге, Лимиттерге жана/же кызмат көрсөтүүнүн башка шарттарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ушул Келишимдин шарттарына ылайык Эмитент-Банктын кароосу боюнча, мындай билдирүүнү веб сайтта жана/ же ЭЛСОМ мобилдик тиркемесинде жайгаштыруу, же Ээлик кылуучуга ушул Келишимде аныкталган башкача жол менен билдирүү жөнөтүү аркылуу кабарлоого.
4.3.4. Ээлик кылуучунун Операция жүргүзүүгө Буйруусун талаптагыдай жана өз убагында аткарууну камсыз кылууга, Ээлик кылуучу жөнүндө, Ээлик кылуучунун электрондук капчыгы жана ал жүргүзгөн транзакциялар жөнүндө маалыматтын купуялуулугун, коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылууга.
4.3.5. Транзакцияларды жүргүзүү учурунда Ээлик кылуучуга Эмитент-Банктын кароосу боюнча ушул Келишимде аныкталган каалаган жол менен пландуу техникалык иштерди өткөрүү, техникалык бузулуулар, же Операцияга Буйрууну өз убагында аткарууга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон, башка аныкталбаган Системанын бузулушу себебинен улам Системанын же жабдуунун жеткиликтүү эместиги жөнүндө кабарлоого.

4.4. Ээлик кылуучу милдеттүү:
4.4.1. Ушул Келишимдин шарттарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого, өзүнүн милдеттенмелерин жана Эмитент-Банктын талаптарын талаптагылай аткарууга.
4.4.2. Эмитент-Банк менен макулдашуусуз жана тиешелүү келишимди түзүүсүз ишкердик ишти жүргүзүү менен байланыштуу операцияларды жүргүзбөөгө.
4.4.3. Эмитент-Банкка ишенимдүү жана актуалдуу маалыматты берүүгө.
4.4.4. Жеке маалыматтар, анын ичинде өздүгүн күбөлөндүргөн документтин маалыматтары, байланыш маалыматтары жана ушул Келишимди аткаруу үчүн Эмитент-Банкка зарыл болгон башка маалыматтар өзгөртүлгөн учурда Эмитент-Банктын бөлүмүнө кайрылууга
4.4.5. Эмитент-Банктын суроо-талабы боюнча кардардын анкетасын өз убагында жаңыртууга.
4.4.6. Эмитент-Банктын суроо-талабы боюнча Электрондук капчыктагы акча каражаттарынын чыгуу булагын, ошондой эле операция жүргүзүү үчүн негизди тастыктаган маалыматты, анын ичинде документтерди өз убагында берүүгө.
4.4.7. Акыркы жаңылыктар, акциялар, кызмат көрсөтүү тартибиндеги өзгөртүүлөр/ толуктоолор, Тарифтер жана Лимиттер жана ушул Келишимге киргизилген башка өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн веб сайтка/ Эмитент-Банктын мобилдик тиркемесине мезгил-мезгили менен кайрылууга.

V. Тараптардын жоопкерчилиги

5.1. Эмитент-Банк жоопкерчилик тартат:
5.1.1. Ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өз милдеттерин аткаргандыгы (талаптагыдай эмес аткаруу) үчүн;
5.1.2. Операцияга Буйрууну талаптагыдай жана өз убагында аткаруу үчүн.
5.1.3. Электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн толуктугу жана эсептөөлөрдөгү же эсепке алуу операцияларын жүргүзүүдөгү каталар үчүн.
5.1.4. Ээлик кылуучу берген купуя маалыматтын сакталышы үчүн, ага Ээлик кылуучунун жекелештирилген маалыматтарына байланыштуу маалымат, жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалымат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен купуя (жашыруун) маалыматка киргизилген башка маалымат кирет;

5.2. Эмитент-Банк жоопкерчилик тартпайт:
5.2.1. Операцияга Буйрууну так аткарган учурда жаңылыш жүргүзүлгөн Операция үчүн.
5.2.2. Эмитент-Банктын Келишимдин шарттарын аткарбагандыгына алып келген жеңилгис күч жагдайлары (форс-мажор) башталган, пландуу профилактикалык техникалык иштер жүргүзүлгөн, техникалык үзгүлтүктөр (электр азыктандырууну жана байланыш тармактарын өчүрүү/бузуу, процессинг борборунун программалык камсыздоосунун үзгүлтүктөрү жана төлөм системаларындагы техникалык үзгүлтүктөр) учурунда.
5.2.3. Эгерде мындай өчүрүү/ өзгөртүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу болсо, Эмитент-Банк тарабынан Ээлик кылуучуга ушул Келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө тиешелүү түрдө кабарлоо менен, тигил же бул кызмат көрсөтүү тартибинде өчүрүлгөн же өзгөргөн учурда.
5.2.4. Ээлик кылуучунун Операцияга Буйруусуна ылайык кабыл алынган транзакцияларды жүргүзүү учурунда, Эмитент-Банк тарабынан Ээлик кылуучуга Системанын мындай бузулгандыгы жөнүндө тиешелүү түрдө кабарланганда, ЭЛСОМ системасынын иштебей калышынан улам (анын ичинде штаттан тышкары кырдаалда) келип чыккан чыгашалар үчүн.
5.2.5. Эмитент-Банктан көз каранды болбогон себептерден улам келип чыккан жана Ээлик кылуучунун Эмитент-Банктан билдирүүлөрдү өз убагында эмес алгандыгына же албагандыгына алып келген почта, Интернет, байланыш тармактарынын ишиндеги үзгүлтүктөр үчүн.
5.2.6. Ээлик кылуучунун Электрондук капчыкты пайдалануусун жана ушул Келишимдин алкагында Эмитент-Банк менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылган байланыш каражаттарына жетүү мүмкүндүгүнүн убактылуу жоктугу, ошондой эле буга байланыштуу чыгымдар үчүн.
5.2.7. Эгерде Электрондук капчыкты пайдалануу менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө, Ээлик кылуучунун дайындары жөнүндө маалыматтар аларды пайдалануу учурунда байланыш каналдарын тыңдоонун же кармап калуунун натыйжасында башка жактарга белгилүү болуп калса.
5.2.8. Эгерде Электрондук капчыкты пайдалануу менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө, Ээлик кылуучунун дайындары жөнүндө маалымат Ээлик кылуучу ушул Келишимди бузгандыгынын натыйжасында же Ээлик кылуучу тиешелүү маалыматтарды сактоо жана пайдалануу шарттарын сактабаган учурда үчүнчү жактарга белгилүү болуп калса.
5.2.9. Үчүнчү жактардын Ээлик кылуучунун электрондук капчыгына санкцияланбаган кирүү мүмкүндүгүн алуусунун натыйжасында Ээлик кылуучуда пайда болгон чыгашалар үчүн.
5.2.10. Электрондук капчыкты блокировкалоонун натыйжасында Ээлик кылуучуда пайда болгон чыгашалар үчүн.
5.2.11. Ээлик кылуучунун маалыматтарынын өзгөргөндүгү жөнүндө Ээлик кылуучу тарабынан Эмитент-Банкка өз убагында билдирбөөнүн натыйжасында Ээлик кылуучуда пайда болгон чыгашалар үчүн.
5.2.12. Төлөм терминалында же башка аппараттык-техникалык каражаттарда (перифериялык жабдуу/ пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жабдуу ж.б.) акча каражаттарын киргизүүдө жана Эмитент-Банк тарабынан көрсөтүлгөн Электрондук капчыкка акча каражаттарын чегерүүдө Электрондук капчыктын туура эмес номерин көрсөтүүнүн натыйжасында Ээлик кылуучуда пайда болгон чыгашалар үчүн.
5.2.13. Ээлик кылуучунун акча каражаттарын салуунун белгиленген тартибин бузуусунун натыйжасында келип чыккан зыяндар үчүн.

5.3. Ээлик кылуусу жоопкерчилик тартат:
5.3.1. Ушул Келишимдин шарттары менен таанышуу үчүн.
5.3.2. Өзүнүн жеке маалыматтарынын, ошондой эле электрондук капчыкты пайдалануу процессинде алынган, электрондук капчыктын коопсуздугуна түздөн-түз же кыйыр таасирин тийгизиши мүмкүн болгон ар кандай маалыматтын сакталышы үчүн.
5.3.3. Операцияны жүргүзүүгө буйрууну талаптагыдай тариздөө.
5.3.4. Ишенимдүү жана актуалдуу маалыматтарды берүү.
5.3.5. Капчык боюнча операцияларды үзгүлтүксүз текшерүү үчүн жана санкцияланбаган / шектүү операциялар болгон учурда Банкка маалымдоо.
5.3.6. Ушул Келишимдин шарттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын талаптагыдай аткаруу.
5.3.7. Өзгөртүлбөгөн жеке маалыматтарды өз убагында бербөө жана кардардын анкетасын өз убагында толтурбоо / жаңыртуу.
5.4. Ушул Келишимде айтылбаган маселелер боюнча Тараптар өз милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

VI. Келишимди өзгөртүү жана бузуу тартиби

6.1. Ушул Келишим, анын ичинде Тарифтер, Лимиттер, көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеги, ошондой эле ушул Келишимге ылайык ушул Келишимдин алкагында Тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн башка шарттары каалаган учурда Банкт-Эмитент тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.
6.2. Өзгөртүүлөр ушул Келишимде каралган башка учурлардан тышкары, ушул Келишимде каралган тартипте жана мөөнөттө веб сайтта жана ЭЛСОМ мобилдик тиркемесинде тиешелүү өзгөртүүлөр жайгаштырылган учурдан тартып күчүнө кирет жана Ээлик кылуучу үчүн милдеттүү болуп саналат.
6.3. Ээлик кылуучу каалаган учурда белгиленген форматта жазуу жүзүндөгү арызды жана өздүгүн күбөлөндүргөн документти Эмитент-Банктын бөлүмүнө берүү аркылуу ушул Келишимди бузууга укуктуу.
6.4. Эмитент-Банк төмөндөгү учурларда электрондук капчыкты жабуу аркылуу Ээлик кылуучу менен Келишимди бузууга укуктуу:
• Ээлик кылуучу идентификациялоо жана верификациялоо максаттарында зарыл болгон маалыматтарды берүүдөн баш тарткан учурда;
• эгерде электрондук капчыктын номерине байланган мобилдик телефон номери уюлдук байланыш оператору тарабынан деактивдештирилген же жокко чыгарылган учурда;
• эгерде ээлик кылуучу демилгелеген финансылык транзакциялардын жоктугунан улам электрондук капчык бөгөттөлгөн учурдан тартып 180 (жүз сексен) календардык күн ичинде Ээлик кылуучу тарабынан капчык активдештирилбесе;
• Электрондук капчык боюнча шектүү/күмөндүү финансы операцияларын жүргүзүүдө.
6.5. Электрондук капчыктын балансында акча каражаттарынын калдыгы болгондо, Эмитент-Банк акча каражаттарынын калдыгын Эмитент-Банктын алдындагы ээлик кылуучунун карызын (болгондо) кармап калуу менен 4.1.14-пунктка ылайык Эмитент-Банктын атайын эсебине которот. Ээлик кылуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ээлик кылуучунун өздүгүн күбөлөндүргөн документ менен Эмитент-Банктын бөлүмүнө кайрылып, ага таандык сумманы (нак же нак эмес) талап кыла алат.

VII. Корутунду жоболор

7.1. Ээлик кылуучу ушул Келишимдин бардык шарттары ага түшүнүктүү экенин кепилдейт жана аларды шартсыз жана толук көлөмдө кабыл алат.
7.2. Ээлик кылуучу ушул Келишим боюнча укуктук мамилелерге кошулуу, бардык жогоруда көрсөтүлгөн укуктарды ишке ашыруу жана милдеттенмелерди аткаруу үчүн бардык керектүү укуктарга ээ экенин жана ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн кандайдыр бир тоскоолдуктарга ээ эместигин кепилдейт.
7.3. Ушул Келишимдин же анын Тиркемелеринин кандайдыр бир бөлүгүнүн жараксыздыгы же аткарылбастыгы анын башка бөлүктөрүнүн жараксыздыгына же аткарылбастыгына алып келбейт.
7.4. Электрондук капчыкты пайдалануу менен бардык операцияларды жүргүзүү убактысы болуп эгерде убакытты аныктоонун башкача тартиби кошумча белгиленбесе, электрондук акча менен операциялар тууралуу маалыматты иштеп чыккан тутумдун Операторунун серверинин маалыматтарынын негизинде аныкталуучу убакыт саналат.
7.5. Ушул Келишимдин шарттарында чагылдырылбаган бардык калган маселелерде Тараптар Ээлик кылуучунун жарандыгынан жана жашаган жеринен көз карандысыз, Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алат.
7.6. Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгон учурлардан тышкары, ушул Келишим боюнча укуктарды үчүнчү жактарга берүүгө жол берилбейт.
7.7. Төмөндөгү Тиркемелер ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат:
7.7.1. №1 тиркеме: Жеке маалыматтардын коопсуздугу жана сактоо эрежелери;
7.7.2. №2 тиркеме: Электрондук капчык ээлеринин маалыматтарынын купуялуулугу жана коргоо саясаты.

VIII. Эмитент-Банктин реквизиттери

«Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» жабык акционердик коому

Дареги: Кыргыз Республикасы, 720040
Бишкек ш., Эркиндик бул., 21.
Тел.: +996 (312) 986 000,
Мобилдик тел.: +996 (556) 986 000,
Viber, WhatsApp: +996 (706) 986 000;
Электрондук почта: [email protected]
КРУБ № 046 лицензиясы.

Айкын офертага карата

№1 тиркеме

 

Жеке маалыматтардын коопсуздук жана сактоо эрежелери 

Ээлик кылуучулардын жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыздоо үчүн төмөндөгү эрежелерди сактоого тийиш:
1. Авторизациялоо үчүн өзүнүн маалыматтарын (пароль, ПИН) жана башка жеке маалыматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздаган жабдууларда (жеке компьютер, мобилдик телефон ж.б.) же башка корголбогон алып жүрүүчүлөрдө сактабоо;
2. Авторизациялоо үчүн маалыматтарды жана башка жеке маалыматтарын башка адамдарга айтпоо, ачыкка чыгарбоо жана бербөө, аларды жеткиликтүү жерлерде жайгаштырбоо;
3. Үчүнчү жактар мобилдик тиркемеде кирүү мүмкүндүгүн ачыкка чыгарган учурда санкцияланбаган транзакциялар үчүн жеке жоопкерчилик тартуу;
4. ПИН, паролду мезгил-мезгили менен өзгөртүү жана аты же туулган күнү сыяктуу символдордун жана белгилердин жөнөкөй айкалышын пайдаланбоо;
5. Жеке маалыматты (мобилдик телефон номери, электрондук капчыктын номери, паспорттук маалыматтары, банктык эсептин номери же электрондук почта дареги, ПИН/пароль) башка адамдарга ачыкка чыгарбоо;
6. Электрондук капчык боюнча каталарды же авторизацияланбаган операцияларды көзөмөлдөө үчүн операциялар тарыхын жана электрондук капчыктагы калдыкты үзгүлтүксүз текшерүү;
7. Тиркемеге кирүү үчүн кокустан тандалган мобилдик түзүлүштөрдү пайдаланбоо,
8. Тиркемеде ар кандай операцияларды жүргүзүүдөн мурун (мобилдик телефон аркылуу) анык веб сайт баракчасы пайдаланылып жатканын текшерүү;
9. Интернет браузердин оң жактагы төмөнкү бурчунда же дарек сабында жабык кулпу түрүндө корголгон кошулуу белгисин текшерип, веб баракчанын коопсуздугуна ынануу;
10. Веб баракчанын URL (ресурстардын унификацияланган көрсөткүчүн) ар дайым түздөн-түз веб-браузерде киргизүү. Башка ишенимсиз баракчаларга кайра багыттоодон же шилтемелерден алыс болуу;
11. Өзүнүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жабдуусун (мобилдик телефон, планшет ж.б.) санкцияланбаган кирүүдөн жана зыяндуу программалардан коргоо, муну менен катар вируска каршы программаларды үзгүлтүксүз жаңыртууну жана анын туруктуу иштөөсүн көзөмөлдөө;
12. Пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жабдуу кыска мөөнөткө кароосуз калтырылган учурда дагы, электрондук операциялар жүргүзүлгөн мобилдик тиркемеден чыгуу;
13. Ал аркылуу кирген жана электрондук капчыктан төлөнгөн өзүнүн мобилдик телефонун же башка пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жабдууну башка адамдардын пайдалануусуна жол бербөө;
14. Электрондук капчыкты авторизацияланбаган пайдалануу, үчүнчү жактардын санкцияланбаган жана/ (же) алдамчылык операцияларды жүргүзүү учурлары жөнүндө ушул Келишимде көрсөтүлгөн байланыштар боюнча каалаган жеткиликтүү ыкма менен (жазуу жүзүндө, электрондук, оозеки түрдө) Эмитент-Банкка дароо маалымдоо;
15. Анда электрондук капчык колдонулган мобилдик телефонду жоготкондо же уурдатканда ушул Келишимде көрсөтүлгөн байланыштар боюнча каалаган жеткиликтүү ыкма менен (жазуу жүзүндө, электрондук, оозеки түрдө) Эмитент-Банкка дароо билдирүү.

Айкын офертага карата

№2 тиркеме

 

ЭЛСОМ электрондук капчыгынын ээлеринин маалыматтарынын купуялуулук жана коргоо саясаты 

I. Жалпы жоболор

Ушул Колдонуучулардын маалыматтарынын купуялуулугу жана коргоо саясаты (мындан ары – «Купуялуулук саясаты») Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана ЭЛСОМ электрондук капчыгынын ээлерине (мындан ары – «ээлик кылуучулар») – «Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАКнын (мындан ары – «Эмитент-Банк») кардарларына даректелген;
Ушул Купуялуулук саясаты чогултулуучу жеке маалыматтарды алуу жолдорун, тизмегин, аларды чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана үчүнчү жактарга берүү максаттарын, электрондук капчык ээлеринин жана Эмитент-Банктын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле ЭЛСОМ электрондук капчыгынын кызматтарын (мындан ары – «ЭЛСОМ кызматтары») көрсөтүү процессинде электрондук капчык ээлеринин жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыздоо максатында Эмитент-Банк көрүүчү чаралардын тизмегин аныктайт;
Ушул Купуялуулук саясаты https://www.elsom.kg/ дареги боюнча Интернет тармагында ЭЛСОМ тутумунун расмий веб-сайтында таанышуу үчүн жеткиликтүү.
Ушул документтин максаттарында ээлик кылуучунун ЭЛСОМ Кызматтарын пайдалануусунун жыйынтыгында Эмитент-Банк алган электрондук капчыктын ээси жөнүндө жеке маалыматтар, ээлик кылуучунун электрондук капчыгы жөнүндө маалыматтар купуя маалымат деп таанылат.

II. Жеке маалыматтарды чогултууга, сактоого, иштеп чыгууга жана берүүгө макулдукту алуу

2.1. Купуя маалыматты чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана үчүнчү жактарга берүү түзүлгөн келишимдин же ЭЛСОМ Кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим (мындан ары – «Келишим») түзүүгө Айкын офертанын акцептинин алкагында гана жүргүзүлөт. Келишимди түзүү тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат;
2.2. Айкын офертанын шарттарын акцепттөө/ Келишимге кол коюу менен, ээлик кылуучунун ЭЛСОМ Кызматтарын пайдалануу процессинде Эмитент-Банк пайдаланган купуя маалыматты чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана берүү шарттарына макул болот.

III. Чогултулуучу жеке маалыматтардын тизмеги

3.1. Ушул Купуялуулук саясаты бардык жеке маалыматтарга жана Келишимге кол коюуда/ Айкын офертанын акцептинде, электрондук капчыкты каттоодо ээлик кылуучулар тарабынан берилүүчү башка маалыматтарга, ЭЛСОМ Кардарларды колдоо кызматына (колл-борбор), мобилдик тиркемелерге кайрылууда берилүүчү, ошондой эле ЭЛСОМ Кызматтарын көрсөтүү процессинде, ошондой эле башка уюмдар менен өнөктөштүктө Эмитент-Банк тарабынан алынуучу маалыматка жайылтылат;
3.2. Эмитент-Банк ээлик кылуучу жөнүндө төмөндөгү маалыматтарды пайдаланат:
3.2.1. Идентификациялык маалыматтар. Чогултулуучу маалыматтарга ээлик кылуучу каттоо процессинде Эмитент-Банкка берген маалымат кирет. Мындай маалыматтарга төмөндөгүлөр кирет:
Жеке жактар: ФАА, туулган күнү, дареги, өздүгүн күбөлөндүргөн документтин маалыматтары (аталышы, сериясы, номери, документ берилген күн, документти берген орган), телефон номери, электрондук почта дареги, жынысы, ошондой эле Эмитент-Банк талап кылган башка маалымат;
Патенттин же күбөлүктүн негизинде жеке ишкер катары ишкердик иш жүргүзгөн жеке жактар: мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн маалыматтары, СИН, юридикалык дарек, ИУЖК коду, каттоо номери; ишкердик ишти жүргүзүүгө патенттин маалыматтары, жетекчинин өздүгүн күбөлөндүргөн документтин маалыматтары, эсептешүү эсебинин номери (болгондо), уюмдаштыруучу/ жетекчи жөнүндө маалымат, телефон номери, электрондук почта дареги, ошондой эле Эмитент-Банк талап кылган башка маалымат.
3.2.2. Мобилдик түзүлуш жана аны пайдалануу тууралуу маалыматтар. Эмитент-Банк ээлик кылуучунун түзүлүшү жөнүндө төмөндөгүдөй маалыматтарды чогултат: мобилдик түзүлүштүн модели жана аталышы, операциялык системасы жана версиясы, IMEI коду, телефон номери, IP дареги ж.б.;
3.2.3. Операциялар боюнча маалыматтар. Эмитент-Банк ар кандай кирүү каналдары аркылуу ээлик кылуучунун электрондук капчыгы боюнча жүргүзүлгөн, ээлик кылуучулардын операциялары тууралуу маалыматтарга (анын ичинде, бирок, чектелбестен, ээлик кылуучу операцияларды жүргүзүүдө киргизилген маалыматтар: операциянын суммасы, кызмат көрсөтүүнү сунуштоочунун аталышы, кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу абоненттин өздүк эсебинин номери ж.б.) жетүү мүмкүндүгүнө ээ болушу мүмкүн;
3.3. ЭЛСОМ Кызматтарын көрсөтүү максатында чогултулуучу жеке маалыматтардын тизмеги толук болуп саналбайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында Эмитент-Банк тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн;
3.4. Ушул Купуялуулук саясаты үчүнчү жактарга таандык маалыматтык ресурстарда чогултулган же ээлик кылуучу тарабынан ар кандай байланыш каналдарын пайдалануу аркылуу кимдир бирөөгө өз алдынча берилген маалыматка жайылтылбайт. Үчүнчү жактардын маалыматтык ресурстарын пайдаланып жана аларга жеке маалыматтарды берип баштагандан мурун сунушталат:
3.4.1. Электрондук капчыктын ээси ЭЛСОМ электрондук капчыктарынын ээлери үчүн жеке маалыматтардын коопсуздук жана сактоо эрежелерин сактоого милдеттенет (Айкын офертанын №1 тиркемеси);
3.4.2. Электрондук капчыктын ээси үчүнчү жактарга таандык маалыматтык ресурстардын Купуялуулук саясатын жакшылап изилдөөгө жана купуя маалыматты жайылтууга этият мамиле кылууга милдеттенет.

IV. Купуя маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана берүү максаттары

4.1. Эмитент-Банк төмөндөгү максаттарда купуя маалыматты чогултууну, сактоону, иштеп чыгууну жана берүүнү жүзөгө ашырат:
4.1.1. Ээлик кылуучу менен ЭЛСОМ Кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдин шарттарын аткаруу;
4.1.2. Эмитент-Банктын банктык кызматтарын, Эмитент-Банктын өнөктөштөрүнүн жана Эмитент-Банктын өкүлдөрүнүн кызматтарын, анын ичинде Эмитент-Банкка үчүнчү жактар жана Эмитент-Банк үчүнчү жактарга көрсөтүүчү кызматтарды көрсөтүү;
4.1.3. Көрсөтүлүүчү кызматтардын жана тейлөөнүн сапатын жакшыртуу;
4.1.4. Ээлик кылуучулардын Эмитент-Банктын, анын ичинде социалдык тармактардагы сынактарына, акцияларына жана жарнамалык кампанияларына катышуусу;
4.1.5. Ээлик кылуучулардын муктаждыктарын, каалоолорун жана кызыкчылыктарын аныктоо жана божомолдоо, арзандатууларды берүү, мобилдик тиркеме, веб-ресурстар, SMS билдирүүлөр, PUSH кабарлоолор, электрондук почта, телефон, почта же Эмитент-Банк өз алдынча аныктаган башка жеткиликтүү ыкмалар аркылуу Эмитент-Банктын, өнөктөштөрдүн товарларын жана кызматтарын, жарнамасын жана башка иш-чараларды жайылтуу боюнча акцияларды өткөрүү;
4.1.6. Жаңы продукттарды жана кызматтарды иштеп чыгуу жана сунуштоо, ээлик кылуучуларга көрсөтүлүүчү кызматтардын шарттары, аларды көрсөтүү жана тейлөө тартиби өзгөргөндүгү жөнүндө маалымдоо;
4.1.7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кылмыштуу кирешелердин изин жашырууга, терроризмди жана экстремизмди, ошондой эле башка мыйзамга каршы иш-аракеттерди каржылоого багытталган операциялардын алдын алуу;
4.1.8. ЭЛСОМ кызматтарын жана Эмитент-Банктин банктык кызматтарын пайдалануу менен байланыштуу алдамчылык иш-аракеттерден ээлик кылуучуларды максималдуу коргоо;
4.1.9. Ички жана тышкы колдонуучуларга отчеттуулук берүү;
4.1.10. Дебитордук карызды өңдүрүп алуу;
4.1.11. Эмитент-Банктын жана үчүнчү жактардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарды жана милдеттерди ишке ашыруусу.

V. Электрондук капчык ээсинин укуктары

5.1. ЭЛСОМ электрондук капчыгынын ээси төмөндөгүлөргө укуктуу:
5.1.1. Маалыматтарды өзгөртүү. Ээлик кылуучунун жеткиликтүү жеке маалыматтарын өзгөртүү Эмитент-Банктин жол-жоболоруна жана талаптарына ылайык мындай маалыматтарды өзгөртүүнү ырастоочу документтерди берүү менен ээлик кылуучунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жүргүзүлөт;
5.1.2. Жеке маалыматтарды чогултууга, сактоого, иштеп чыгууга жана берүүгө макулдукту артка чакыртып алуу. Ээлик кылуучу каалаган учурда Эмитент-Банктын бөлүмүнө жазуу жүзүндөгү арыз (эркин формада) кайрылуу аркылуу өзүнүн макулдугун артка чакыртып алууга укуктуу. Бирок, Эмитент-Банк тарабынан ЭЛСОМ Кызматтарын көрсөтүү үчүн жеке маалыматтардын болушу талап кылына турганын эске алуу керек. Ээлик кылуучунун макулдукту артка чакыртып алуусу мындай учурда Эмитент-Банктын жана анын өнөктөштөрүнүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүүсүн токтотууга алып келет;
5.1.3. Электрондук капчык боюнча маалыматтарды алуу. Ээлик кылуучу (толук идентификацииялоо жол-жобосунан өткөн) Эмитент-Банк бул ээлик кылуучуга жана өзүнүн электрондук капчыгына кирүү аркылуу ээлик кылуучу аткарган операцияларга карата ээ болгон маалыматтар (же алардын көчүрмөлөрү) жөнүндө маалыматты алууга укуктуу. Ээлик кылуучу Эмитент-Банктын жол-жоболоруна жана талаптарына ылайык Эмитент-Банктын бөлүмүнө кайрылып, өз укуктарын пайдалана алат;
5.1.4. Даттануулар жана сунуштар. Ээлик кылуучу жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана берүү тартиби жөнүндө даттануу берүүгө жана өз сунушун киргизүүгө укуктуу. Эмитент-Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык максималдуу кыска мөөнөттө бул суроо-талаптарды карайт жана жооп берет.

VI. Жеке маалыматтарды сактоо мөөнөтү

6.1. Ээлик кылуучулардын жеке маалыматтары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында регламенттелген сактоо мөөнөттөрүн эске алуу менен, Келишим боюнча аларды чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана берүү максаттарына жетүү үчүн Эмитент – Банкка зарыл болгон убакыттын ичинде сакталат.

VII. Купуя маалыматтарды коргоо боюнча Эмитент-Банк көрүлүүчү чаралар

7.1. Эмитент-Банк купуя маалыматтарга жетүү мүмкүндүгүн уюштурууда төмөндөгү негизги коопсуздук принциптерин жетекчиликке алат:
7.1.1. «Өз кардарын билүү»;
7.1.2. «Өз кызматкерин билүү»;
7.1.3. «Билүү зарыл»;
7.1.4. «Кош башкаруу».
7.2. Эмитент-Банк купуя маалыматтын жашоо циклинин бардык этаптарында мыйзамсыз же кокустан жетүү мүмкүндүгүнөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, блокировкалоодон, көчүрүүдөн, жайылтуудан, ошондой эле авторизацияланбаган жактардын алар менен башка мыйзамсыз иш-аракеттеринен коргоонун уюштуруучулук жана техникалык чараларын киргизет, коштойт жана үзгүлтүксүз жакшыртат;
7.3. Эмитент-Банктын кызматкерлеринин жана башка жооптуу адамдардын купуя маалыматтын коопсуздугун камсыздоо үчүн жоопкерчилигин бекемдөө саясаттарда, кызматтык нускамалардын жоболорунда, тиешелүү келишимдерде жоопкерчиликти аныктоо жана купуя маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө макулдашууга кол коюу аркылуу камсыздалат. Купуя маалыматты ачыкка чыгаруу жана жарыялоо үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен регламенттелет.

VIII. Жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга берүү

8.1. Маалыматты үчүнчү жактарга берүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Эмитент-Банк тарабынан жөнгө салынат;
8.2. Жеке маалыматтарды өнөктөштөргө берүү берилген маалыматтын мыйзамдуулугу жана купуялуулугу принциптерине негизделет. Ар бир өнөктөш менен Ээлик кылуучулардын купуя маалыматтарын жана башка купуя маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө шарттары менен келишим түзүлөт. Өнөктөш менен түзүлгөн келишимде Ээлик кылуучулардын жеке маалыматтарын алардын макулдугусуз же башка мыйзамдуу негиздерсиз жайылтууга жол бербөө боюнча талап каралат.

#