KICBнин банктык кызматтары үчүн төлөө

KICBнин эсептешүү-кассалык тейлөөсү (ЭКТ) үчүн ЭЛСОМ электрондук капчык аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүңүз пайда болду жана кезекти күтүү  кажети жок.

Кайсы кызматтар үчүн төлөө мүмкүн?

KICBнин төмөнкү банктык кызматтары үчүн ЭЛСОМ электрондук качыгы аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү пайда болду. 

  • Эсептешүү эсебин ачуу үчүн комиссия
  • Чек китепчесин чыгаруу үчүн комиссия
  • Визаны алуу  үчүн Справка
  • Банктык документтерин алуу
  • Банктык документтерин  кайрадан берүү
  • Банктык сейф уячаларын ижарасы

Төлөө үчүн эмне керек?

  • Комиссия төлөнө турган кызматтын аталышы;
  • Кызматтарды төлөөдө өздүк эсеби катары эсептелеген филиалдын/сберкассанын коду (филиалдардын жана сберкассалардын коддорунун тизмеси, кызмат боюнча тарифтер жана лимиттер).
  • Бантын тарифтерине ылайык комиссиянын так суммасы, бардык салыктар комиссиянын суммасына кошулган.

Маанилүү:

  • Үчүнчү жактар тарабынан (банктык эсебинин, банктык картанын же сейф уячасынын ээси болбогон) Банктык кызматтары үчүн ЭЛСОМ аркылуу төлөө жеткиликтүү болбойт жана Банктын бөлүмдөрүндө гана өткөрүлөт;
  • Төлөм  кыргыз сом валютасында өткөрүлөт;
  • Эгер тейлөө үчүн комиссия АКШ доллар валютасында көрсөтүлгөн болсо, СОМ-АКШ доллар конвертациясы операцияны өткөргөн күнүндөгү Банктын нак ачкалайсыз сатуу курсуна ылайык аткарылат;
  • Эгерде төлөө күнү дем ​​алыш  же  майрам күнүнө туш келсе, анда төлөм дем алыш же майрам күндөн кийинки биринчи иш күнүндө жүргүзүлөт;
  • Төлөм өткөргөндөн кийин кассадагы депозиттик адиске комиссиясын төлөмүн ырастаган кабарламаны көрсөтүү зарыл.

МИСАЛЫ:  Эсептешүү эсебин ачуу үчүн комиссиясы 100 түзөт;

КИКБ Банктык кызматтары/ эсептешүү эсебин ачуу пунктуна кирүү зарыл

Өздүк эсеп тааласында:Филлиалдын кодун: КИКБ  Операциондук Башкармалыгы (001)

Сумма тааласында: 100сом

 

Төлөм өткөрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болсоңуз ЭЛСОМдун күнү-түнү иштеген Колл-центрине кайрылыңыз

Тел.: +996 (312) 986 000;

Мобилдик: +996 (556) 986 000, +996 (775) 986 000;

Мегаком абоненттери үчүн: *900;

WhatsApp: +996 (706) 986 000;

Электрондук почта: [email protected]

#