22.02.2021

ЭЛСОМ ПЛАТФОРМАСЫНЫН ЖАҢЫРТУУСУ

Урматтуу ЭЛСОМ кардарлары!

12-13 февралда Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы” (KICB) ЭЛСОМ платформасынын толук масштабдуу жаңыртуусун жүргүздү. Жаңыртуунун натыйжасында ЭЛСОМ жаңы платформага миграция кылынды. Бардык берилмелеринин миграциясы пландаштырылган мөөнөттөрдө ийгиликтүү аякталды.

Азыркы учурда бардык ЭЛСОМ электрондук капчыгынын сервистерин жана кызматтарын өнөктөштөр жана агенттер менен интеграциялоо боюнча иштер ийгиликтүү аяктап жатат. ЭЛСОМ электрондук капчыгы 2014-жылы ишке киргенден бери 500дөн ашык кызматтарды, анын ичинде эл аралык акча которууларын, каржылык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү, товарларга төлөө мүмкүнчүлүктөрүн жана башкаларды кошту, буга чейинки туташтыруулар жана интеграция бир нече жыл бою системалуу түрдө жүргүзүлүп келген. 12-13-февралындагы миграция учурунда, бир катар кызмат көрсөтүүлөрдү бир мезгилде интеграциялоо иштери жүрүп жаткандыктан, белгилүү бир убакыттын ичинде айрым кардарлар мобилдик тиркемени иштетүүдө кыйынчылыктарга туш болушту. Келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайбыз.

KICB кардарларына жана өнөктөштөрүнө электрондук капчык кызматтарынын бардык түрлөрүн мүмкүн болушунча эртерээк көрсөтүүгө толугу менен берилген. ЭЛСОМ электрондук капчыгынын интерфейсин жана колдонуудагы ыңгайлуулугун жогорулатуу боюнча иштер улантылат. Кардардын бардык өтүнүчтөрү жекече негизде каралат. Банк колдонуучуларга жана өнөктөштөргө чыдамдуулук жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет!

Суроолоруңар пайда болсо ЭЛСОМдун күнү-түнү иштеген колл-центрине кайрылыңыз (кайрылуулар кезектүүлүк тартибинде кабыл алынат):

 (0556) 986 000, (0312) 986 000, (0553) 62 01 01 (what’s app)

#