Автотөлөм

Үзгүлтүксүз төлөөнү талап кылган төлөмдөрдү бизге  тапшырсаңыз болот, булар: телефондун абоненттик төлөмү, интернет, коммуналдык  кызматтар, кредит үчүн төлөө жана башкалар. 

Автотөлөмдү мобилдик тиркемесинен жана ЭЛСОМ жеке кабинеттен же  төлөм аяктагандан кийин “Тандалма”  бөлүмүнөн түздөн-түз туташтыра аласыз.

Ар бир автотөлөмдөн кийин электрондук почтаңызга  төлөмдүн статусу жөнүндө push кабарлама келет, тарыхчада  бир жазуу пайда болот.

Бардык  автотөлөмдөрдүн тизмеси мобилдик тиркеменин же ЭЛСОМ жеке кабинетинин (“Тандалма” бөлүмүндө) негизги бетинде сакталат.Ошол эле жерден автотөлөмдүн суммасын, датасын өзгөртсө болот же автотөлөмдү өчүрүп койсо болот.  Автотөлөмдүн саны чектелбейт.

Сиз орноткон автотөлөмдүн  мөөнөтүнө жана жыштыгына (ар күнү, жума, ай, же жыл)  жараша бардык төлөмдөр белгилеген убакытта (08:00) аткарылат.

Эгер автотөлөмгө акча каражат жетпей калса, система кабарлама жөнөтөт. Ал убакытка чейин капчыгыңызды толуктап коюңуз-баары иштеп калат.

Автотөлөмдү кантип туташтырабыз?

ЭЛСОМ мобилдик тиркемеде төлөмдү аяктагандан кийин төмөнкүлөрдү аткарыңыз:

Мобилдик тиркеменин негизги менюсунда төмөнкүлөрдү аткаруу тийиш:

Көп берилүүчү суроолор

Үзгүлтүксүз төлөмдү түзүү үчүн шаблондоруңуздун бирин тандаңыз же “Автоматтык төлөмдүн тууралоону” тандап жаңысын түзүңүз. Автоматтык төлөмдүн активациясынан кийин мөөнөттү тандаңыз, керектүү маалыматты киргизиңиз жана сактап коюңуз. Төлөм “Тандалмада” сакталып, өз убагында  аткарылат.

Белгилүү бир автотөлөмдү өчүрүү үчүн “Тандалмага” өтүп өчүрүлө турган төлөмдү тандоо зарыл.

Баланс жетиштүү болбосо автотөлөм кабыл алынбайт. Автотөлөм үчүн толук сумма талап кылынат.

Кандайдыр бир транзакцияны аткаргандан кийин же негизги менюдан “Тандалманы” тандоо аркылуу  шаблонду түзсөңүз болот.  Жөн гана “Тандалмага кошууну” басып, керектүү маалыматты киргизиңиз жана сактап коюңуз. 

#