12.06.2021

Россиядан Кыргызстанга, дароо ЭЛСОМ капчыгына, тез акча которуулар

Урматтуу Кардарлар,

Россиядан Кыргызстанга, дароо ЭЛСОМ капчыгына, тез акча которуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдоого шашылабыз!

Болгону ЭЛСОМ электрондук капчыгынын номери жана «Сбербанк Онлайн» тиркемеси керек, ал эми акча каражаттары алуучуга дароо келип түшөт.

Акчаны рубль менен которуу мүмкүн – ЭЛСОМ электрондук капчыгына чегерилген соң, автоматтык түрдө сомго айландырылат. Андан кийин, акча каражаттарын картага которуп, KICB’нин банкоматтарынан күнү-түнү чечип алуу мүмкүн.

Акча которууларын алуу боюнча күнүмдүк лимит 50 000 рублду түзөт. Кызмат ЭЛСОМдун идентификацияланган колдонуучулары жана агенттери үчүн жеткиликтүү.

Эгер суроолоруңуз болсо, аларга байланыш борборунун адистери Сиздерге ыңгайлуу болгон убакта жооп беришет: 0312 986 000, 0556 986 000, 0220 900 009 (WhatsApp).

#