28.12.2021

Көңүл бургула, алдамчылар!

Урматтуу кардарлар,

ЭЛСОМ жасалма операциялардын  чектери менен алдамчылык учурлар көбөйүүдө.

Алдамчылар төмөнкүдөй иш-аракет кылышат:

Мессенджерлер (WhatsApp, Telegram) аркылуу интернет-дүкөндөргө кайрылып, товар алуу үчүн акча каражаттарды которгондугун кабарлашат жана жасалма чектин скриншотун/сүрөтүн тиркеп коюшат, бирок чындыгында акча каражат келип түшпөйт.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин алар кайра кайрылып, өз оюн өзгөрткөнүн билдирип, акчаны башка электрондук капчыкка кайтарып берүүнү суранышат.

Бул иш-аракеттерге байланыштуу, көрсөтүлгөн сумманын которулгандыгын билүү үчүн электрондук капчыктын балансын өз убагында текшерип турууну сунуштайбыз. Кандайдыр бир алдамчылык иш-аракетине шектенүү болгон учурда, дароо күнү-түнү иштеген колл-центрине кайрылыңыз:

(0312) 986 000, 0556 986 000

#